Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© REUTERS / Issei KatoАялдар кол чатырлар менен жаан учурунда. Архив
Аялдар кол чатырлар менен жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Синоптиктер апта ичинде кээ бир аймактарда гана өткүн өтүп, калган учурда күн ачык болорун божомолдоп жатат.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин күн чайыттай ачык болуп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

14-18-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Ал эми 19-июнда күн ачык болот.

Талас облусу

14-15-июнь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 16-17-июнда күн чайыттай ачылат. Ал эми 18-июнда асманды ала булут каптап, өткүн өтөт. 19-июнда кайра эле ачык болот.
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт
Ош, Жалал-Абад облустары
14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуу жаашы күтүлөт.
15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жамгыр жаабайт.
17-18-июнда тоолуу жерлерде өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 19-июнда күн толугу менен ачылат.

Баткен облусу

14-15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтөт. 17-19-июнь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн жумага чейин кээ бир райондордо өткүн өтүп, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Апта аягында күндүн көзү бузулбайт.

Нарын облусу

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, кээ бир райондордо жаан-чачын жаайт. 15-17-июнда күн ачык болот, кээ бир райондордо гана өткүн өтөт.
18-июнда тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-июнда күн ачык болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0