Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусундагы жайлоодогу боз үйлөр. Архив
Ысык-Көл облусундагы жайлоодогу боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
13-июнга караган түнү тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Таласта жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жекшембиде республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, айрым аймактарда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр төгөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Адаттан тыш ысык болот. Июнь айына карата аба ырайы
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +24...+29, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын аймагында +16...+21 градус болору айтылды.
Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөсө Ошто күн ачык болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +31...+33 градуска чейин жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0