Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкек—Кара-Балта жолунун бир бөлүгүн оңдоо иштери
Бишкек—Кара-Балта жолунун бир бөлүгүн оңдоо иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Бишкек—Кара-Балта жолун реконструкциялоо 2017-жылы башталган, иштин негизги бөлүгү бүтүп, Сокулук районундагы тилкеси калган.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкек—Кара-Балта жолунун бир бөлүгүн оңдоо иштерин аяктоо 2022-жылдын октябрь айына пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Кара-Балта жолунун реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди
Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Кара-Балта жолунун реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Кара-Балта жолунун реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди

2/3

3/3

Жолду бүтүрүп, пайдаланууга берүү 2020-жылга пландалганы менен пандемиядан жана оңдоп-түзөөнүн техникалык себептеринен улам аны 2021-жылга калтырышкан.
Ремонт дорог в Новосибирске  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Бишкек: жамгырдан соң көл пайда болгон жол эми оңдолот
Бүгүн, 11-июнда, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна болгон жумушчу сапардын жүрүшүндө Бишкек—Кара-Балта жолун реконструкциялоо кандай жүрүп жатканын текшерген. Ал бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырган.
Жолдун узундугу 52,5 чакырымды түзөт (45,1 чакырым: Кара-Балта — автоунаа базары жана 7,4 чакырым: автоунаа базары — Киркомстром).
"Долбоордогу  45,1 чакырым тилке боюнча иштер 2021-жылдын ноябрында, ал эми 7,4 чакырым тилке (Сокулук районундагы Новопавловка жана Военно-Антоновка айылдарынын жолу — ред.) боюнча 2022-жылдын октябрь айында аякташы пландалууда", — деп айтышты министрлер кабинетинен.
Бишкек—Кара-Балта жолун реконструкциялоо 2017-жылы башталган, иштин негизги бөлүгү бүтүп, Сокулук районундагы тилкеси калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0