Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Акыркы күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунда маал-маалы менен ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамал болуп жатат.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу аймактарында аба ырайы кескин бузулуп, нөшөрлөгөн жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
"11-июнь күнү күндүз жана 12-15-июнда нөшөрлөгөн жаан жаап, кесепетинде сел жүрүшү күтүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунда маал-маалы менен ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамал болуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0