Бишкектин Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай муниципалитетке өттү. Баасы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай. Архив
Бишкектин Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Муниципалдык операторлор "Бишкекские парковки и стоянки" деген логотиби бар жашыл жилет кийип жүрүшөт. Жанында сөзсүз бейджиктери болот. Мындан сырткары, акча төлөнгөнү тууралуу мөөр коюлган талон беришет.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Буга чейин жеке тараптарга ижарага берилген Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай кайра муниципалитетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Мындан ары Шопоков көчөсүнүн Москвадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү муниципалдык унаа токтотуучу жай болмокчу. Ал жерге тийиштүү белгилердин бардыгы коюлду. Айдоочулар унаасын канча саатка токтотпосун, 25 сом төлөшөт.
Мэрия муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жайгашкан жерлерди окурмандардын эсине салды. Алар:
  • Бейшеналиева көчөсүнүн Москвадан Рыскуловго чейинки бөлүгү;
  • Кулиев көчөсүнүн Токтогулдан Чүй проспектине чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардия проспектинен Ала-Арча дарыясына чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Кулиевге чейинки бөлүгү;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектинен Киевге чейинки бөлүгү;
  • Сүйөркулов менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркуловдон Безымянныйга чейинки бөлүгү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянныйдан Сүйөркуловго чейинки бөлүгү;
  • Орозбеков көчөсүнүн Фереден Можайский туюк көчөсүнө чейинки бөлүгү ("Эски толчок" курулуш базары);
  • Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогулга чейинки бөлүгү ("Комфорт" базары);
  • Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросовго чейинки бөлүгү;
  • Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектинен Огонбаевге чейинки бөлүгү;
  • Огонбаев көчөсүнүн Гоголдон Сүйүмбаевге чейинки бөлүгү;
  • Клубный туюк көчөсү ("Сары-Өзөн" базары);
  • Токтогул менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Исанов көчөсүнүн Чүйдөн Киевге чейинки бөлүгү;
  • Курманжан датка көчөсүнүн Жибек Жолунан Славянскийге чейинки бөлүгү.
Унаа токтотуучу жай муниципалдык экенин кантип билсе болот?
Унаа токтотуучу жай муниципалдык экенин көрсөткөн жол белгилери коюлат. Муниципалдык операторлор "Бишкекские парковки и стоянки" деген логотиби бар жашыл жилет кийип жүрүшөт. Жанында сөзсүз бейджиктери болот. Мындан сырткары, акча төлөнгөнү тууралуу мөөр коюлган талон беришет.
Жаңылыктар түрмөгү
0