Мас болуп унаа айдагандарды күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалууда

© Фото / Pixabay / PexelsУнаада алкоголдук ичимдик ичип жаткан айдоочу. Архив
Унаада алкоголдук ичимдик ичип жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоорунда ичип алып рулга отургандарды үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталып жатат.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Учурда мас абалында автоунаа айдаган жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
Парламенттин жыйынында депутат Айбек Осмонов ИИМден алган маалыматы боюнча 2004-2014-жылдары 10 миңге чукул адам жол кырсыгынан көз жумса, алардын көпчүлүгүндө айдоочу мас абалында болгонун айтты.
"Мас болуп рулга отургандардын айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгарыш керек же 150 миң сом айып салынсын. Ошону мыйзам долбооруна киргизгиле. Бизден башка Казакстанда, Россияда дароо жокко чыгарат", — деди Осмонов.
Буга жооп катары Саркулов азыркы тапта Башкы прокуратуранын жетекчилигинде жаңы мыйзам даярдалып жатканын, анда ичип алып рулга отургандарды үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталганын айтты.
Аталган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0