Жээнчороев: мэрияда бүт пиарчылар иштейт, вице-мэрлер интернеттен чыкпайт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Депутат камера орнотууга экономикалык негиздемеси жок жер берилип жашылдандыруу, жол, ирригация бузулганын айтты.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында иштегендер пиарды гана билишет, вице-мэрлердин Facebook тармагынан башы чыкпайт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, "Коопсуз шаардын" камераларын орнотууга "Вега" менен Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясына жерлер эч кандай экономикалык негиздемеси жок берилип жатат.
"Мэрия жазында каражат коротуп жашылдандырган жерлерди кайра кесип, гранттык каражатка салынган жаңы жолдорду бузуп камера орнотууга жер берип жатышат. Мэрияга жалаң пиарчыларды гана алып алган, эртеден кечке кооз сүрөткө түшкөндү билишет, бирок иштей алышпайт. Бул жерде жашылдандыруу, жол, инфраструктура, ирригация бузулуп жатат. Мэрияга сүрөттөрү менен жөнөткөм. Бирок ошону тейлеген вице-мэрлердин Facebook тармагынан башы чыкпай жүрөт", — деди Жээнчороев.
Презентация цифровизированного командного центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2020
"Коопсуз шаар" II долбоорун үзгүлтүккө учураткан кытайлык компания айып төлөдү
Мындан сырткары, ал Түштүк магистралда, Чолпон-Ата көчөсүндө жана башка жердеги парктарга суу жетпей куурап атканын кошумчалады. Мындан улам шаар бийлигин жетектегендер күрөк көтөрүп чуркабай суу жеткирүү менен алектениши керектигин белгиледи.
Депутат сөзүнүн башында бул маселе боюнча вице-мэр Жамалбек Рысалиевге суроо узатканда ал жооп бере албай койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0