09:46 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2775)
1117602

SARS-CoV-2 вирусуна кабылгандардын саны акырындык менен көбөйүп барат. Акыркы эки суткада вирус аныкталгандардын саны күн сайын 400дөн ашып, 500гө чукулдады.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өлкөдө COVID-19дун кайрадан күч алып жатканына жарандардын санитардык эрежелерди карманбай калганы жана жайкы каникулдун башталышы себеп болууда. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Заведующая отделом надзора и профилактики инфекционными заболеваниями Минздрава КР Динара Оторбаева
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева

 

"Жайкы каникул башталып, эл көңүл ачуу жайларына көбүрөөк барып жатат. Оюн-зоок аянтчаларында балдардын көп жүргөнүн көрүүгө болот. Анын үстүнө көпчүлүк бет кап тагынуу керектигин унутуп койгондой", — деди адис.

Ошондой эле ал мунун айынан мурда тынч жаткан аймактарда дагы вирус көбөйө баштаганын кошумчалады.

"Коронавирустун үчүнчү толкуну апрель айынан тарта Бишкек шаары менен Чүй облусунда башталса, акыркы күндөрү өлкөнүн түштүгүндө көбөйүп бара жатат. Буга Бишкектен коронавирустун "британ", "россия" штаммдарын алып жүргөн балдардын аймактарга каникулга барышы себеп болушу мүмкүн. Учурда жаштар арасында оорунун белгиси жок эле ооруп жаткандар көп. Алардын иммунитети күчтүү болуп байкалбай жатат", — деди Оторбаева.

Белгилей кетсек, акыркы кезде SARS-CoV-2 вирусуна кабылгандардын саны акырындык менен көбөйүп барат. Мисалы, соңку эки суткада вирус аныкталгандардын саны күн сайын 400дөн ашып, 500гө чукулдоодо. Анын ичинен Ош менен Жалал-Абадда вирус жугузгандардын саны бир күндө 127ге жетти.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2775)

Тема боюнча

Аймактарга коронавируска каршы вакцина жетпей жатат. Себеби
COVID дээрлик 500 кишиден табылды. Түштүктө вирус жуктургандар көбөйүп жатат
Белгилер:
коронавирус, Динара Оторбаева, Жалал-Абад облусу, Ош, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ