Депутат: Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов 400 миң сомдой маяна алып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг председатель Нацбанка Толкунбека Абдыгулова о ситуации на валютном рынке
Брифинг председатель Нацбанка Толкунбека Абдыгулова о ситуации на валютном рынке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, Улуттук банктын башкаруучулугунун мүчөлөрүнө эмгек акы катары 2020-жылы 27 миллион 960 миң сом бөлүнгөн.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айына 400 миң сомдой акы алып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банктын башкаруучулугунун мүчөлөрүнө эмгек акы катары 2020-жылы 27 миллион 960 миң сом бөлүнгөн. Буга маяна жана башка бардык төлөмдөр кирген.
"Эгер бул сумманы башкаруучулуктун жети мүчөсүнө бөлүп эсептесек, айына 332 857 сом алып жатканы белгилүү болот. Буга иш сапар, жеке автоунааларынын чыгымдарын, айдоочуларынын маянасын, башкаруучулуктун мүчөлөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн эс алуусу үчүн төлөнгөн акча кошулган эмес. Иш жүзүндө төлөнүп жатканын эсептесек, демек, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго айына 400 миң сомдой төлөнүүдө", — деди депутат.
Ошондой эле ал башкаруучулуктун мүчөлөрү турак жай алуу үчүн жеңилдетилген кредиттерди 2-5 пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө алышканын белгиледи.
Аны менен катар депутат буга чейин үй сатып алууга Абдыгуловдун Улуттук банктан алынган насыясын кечип салганда депутаттардын күчү менен кайра кайтарылганын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0