08:43 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Коом
Кыскача шилтеме алуу
11201

Беш жашка чейинки балдар үчүн поездде жүрүү акысыз. Ал эми 5-10 жаштагы балдарга 34 сомдон, 10дон жогору жана чоң кишилерге 69 сомдон билет алыш керек.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. 18-июндан тарта Бишкек — Балыкчы каттамы боюнча дем алыш күндөрү поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Поезд "Бишкек-1" станциясынан саат 7.00дө чыгып, "Рыбачье" станциясына 11.59да жетет. Кайра артка ошол эле поезд 17.15те кетет. Бул каттам менен жолго чыккан жүргүнчүлөр Бишкек шаарына саат 22.03тө жетишет.

Беш жашка чейинки балдар үчүн поездде жүрүү акысыз. Ал эми 5-10 жаштагы балдарга 34 сомдон, 10дон жогору жана чоң кишилерге 69 сомдон билет алыш керек.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу поездде жүрүү үчүн бет кап тагынып, кол кап кийүү зарыл. Ошондой эле вагондон вагонго өтүп жүрүүгө уруксат берилбейт.

Кошумча маалыматты 0 312 92-68-40, 92-68-54 номерлери аркылуу билүүгө болот.

Тема боюнча

Тез жардам унаасына жол бошотпогон айдоочулар жазаланат
Бишкек: жамгырдан соң көл пайда болгон жол эми оңдолот
Белгилер:
Балыкчы, каттам, поезд, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ