09:50 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Коом
Кыскача шилтеме алуу
299 0 0

Эмделген жарандар, анын ичинде туристтер Кыргызстанга 19-июндан баштап аба каттамы аркылуу, ал эми поезд, автоунаа менен 11-июндан тарта келе баштаса болору белгиленди.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти чет элдик жарандар, туристтер үчүн Кыргызстанга кирүүнүн алгоритми иштелип чыкканын билдирди.

Маалым болгондой, 8-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Туризм департаменти, ТИМ, УКМКнын Чек ара кызматынын, Транспорт министрлиги жана "Манас" эл аралык аэропортунун биргелешкен буйругу чыккан.

Алгоритм чек арадан өткөн жана ички аба каттамдар менен жүргөн кыргызстандыктарга, чет өлкөлүктөргө (анын ичинде туристтер) жана жарандыгы жокторго тиешелүү экени айтылды.

"Кыргызстандын аймагына кире турчу адамдын жанында коронвируска тапшырган ПЦР-тестинин терс жыйынтыгы болушу керек. Анын мөөнөтү анализ берген күндөн баштап 72 сааттан ашпашы зарыл. Же болбосо коронавируска каршы вакцина жасаткандыгы боюнча документ (ал кагаз же электрондук түрдө болот) керектелет", — деп жазылат маалыматта.

5 жаштан өткөн балдардын ата-энеси алардын коронавируска каршы вакцина алгандыгы боюнча документин алып алышы керектиги кошумчаланды.

Эмделген жарандар, анын ичинде туристтер Кыргызстанга 19-июндан баштап аба каттамдары аркылуу, ал эми поезд, автоунаа менен 11-июндан тарта келе баштаса болору белгиленди.

Тема боюнча

COVID дээрлик 500 кишиден табылды. Түштүктө вирус жуктургандар көбөйүп жатат
Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат
Белгилер:
алгоритм, турист, аба каттам, коронавирус, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ