Бир тууган элди кырды бычак түшүргөн каргаша кайталанбасын! Жапаровдун кайрылуусу

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаары июнь окуялары учурунда. Архив
Ош шаары июнь окуялары учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы ар бир этностук топ өзүнүн маданиятын, тилин, каада-салтын сактоо менен Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошуп келе жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров июнь окуясына 11 жыл толгонуна байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анын айтымында, бул окуя баарына чоң сабак болууга тийиш. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу ынтымакты арттырып, биримдикти бекемдөө зарыл экенин ырастаган.
"Бүгүн биз ошол апаатта набыт болгондордун арбагына таазим этип, дайынсыз жоголгондорду эскерип отурабыз. Бир тууган элди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Жалпыны сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. "Ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот" деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүн биз биримдикти чыңдоо менен бир эл, бир өлкө катары келечекке багыт алуубуз зарыл", — деген президент.
Ошондой эле ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка ыраазычылык билдирген.
Рейд спецназа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2016
Жүрөк титиреткен төрт күн. Июнь окуясын чагылдырган сүрөттөр
"Ош, Жалал-Абад — көп этностуу облустар. Көп түрдүүлүк — бул биздин байлыгыбыз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 80ден ашык этностун өкүлдөрү бар. Ар бир этностук топ өзүнүн маданиятын, тилин, каада-салтын сактоо менен мекенибиз Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатышат. Биз — ынтымактуу, эмгекчил жана меймандос калкы бар ачык өлкөбүз. Биздин өнүгүүбүз региондогу коңшулар менен достукка, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу кызматташтыкка багытталган", — деди өлкө башчы.
Жапаров июнь окуясында шейит кеткендердин жакындарына көңүл айтып, өлкөгө ынтымак жана тынчтык каалаган.
2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында "Июнь окуясы" деп аталган улуттар аралык чыр чыккан.
Расмий маалыматтарга таянсак, бул капсалаңдан 442 адам каза болуп, 1,5 миңден ашуун киши жабыркаган. 10-июнда башталган тополоңду күч түзүмдөрү 14-июнда гана көзөмөлгө ала алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0