COVID дээрлик 500 кишиден табылды. Түштүктө вирус жуктургандар көбөйүп жатат

© AFP / PIERRE TEYSSOTМедициналык кызматкер COVID-19 экспресс-тест учурунда. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 экспресс-тест учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Күн сайын берилип жаткан статистикага караганда, акыркы учурларда Ош менен Жалал-Абадда вирус жугузгандардын саны өсүүдө. Мисалы, бүгүн Ош облусу менен Ош шаарында 127 кишиден вирус табылды.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 494 кишиден табылып, 351 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 224;
  • Ош шаары – 80;
  • Чүй облусу – 73;
  • Ош облусу – 47;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 27;
  • Баткен облусу – 10.
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жетти. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 207;
  • Ош шаары – 23;
  • Чүй облусу – 61;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 11;
  • Баткен облусу – 4.
Кечээтен бери коронавирустан беш адам көз жумган. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 869 киши каза тапты.
Учурда ооруканаларда – 1 893, үйдө 2 137 бейтап дарыланып жатат. Стационардагылардын арасынан 536 кишинин абалы оор, 101 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0