Аймактарга коронавируска каршы вакцина жетпей жатат. Себеби

© Sputnik / Абид МажарМедициналык кызматкер коронавируска каршы вакцина менен. Архив
Медициналык кызматкер коронавируска каршы вакцина менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактын айрым колдонуучулары региондорго коронавируска каршы вакцина жакшы жетпей жатканын жазып чыгышкан.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга жетиштүү көлөмдө келе элек. Ошол себептен аймактардагы жашоочулардын баары ала албай жатышат. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.
Буга чейин социалдык тармактын айрым колдонуучулары аймактарга коронавируска каршы вакцина жакшы жетпей жатканын жазып чыгышкан.
"Республика боюнча вакцина өз убагы менен жеткирилип жатат. Препараттын аздыгына байланыштуу өлкө боюнча 137 эле пункт ачылган. Өлкөгө Кытайдын Sinopharm вакцинасынан 150 миң доза келген. Ал 75 миң адамга эле жетет. Ал эми Россиянын "Спутник V" препаратынан 40 миң дозасы алып келинсе, ал 20 миң адамга гана сайылат. Ири шаарларда бул вакциналардын биринчи дозасы түгөнүп, алыскы аймактарда эле калды. Азыркы тапта экинчи доза сайыла баштады. Министрликтин буйругу боюнча вакцинаны биринчи кезекте дарыгер, медик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү алат. Мындан сырткары, Бишкек кызыл зонага кирип, чет жакка кетчүлөр өз каалоосу менен вакцина сайдырып кетүүнү сурангандыктан шаарга көп бөлүнгөн. Бирок аймактардагы пунктуларга да жөнөтүлүп жатат", — деди Кыргызбаев.
Ал коронавирус жуктургандар боюнча Ош облусу да кызыл зонага киргенин айтып, вакцинага болгон суроо-талап акыркы учурда өсө баштаганын белгиледи.
Бишкекте эмдөө пунктунда киши вакцина алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Бишкекте кечки эмдөө пунктулары жабылды. Күндүз иштегендердин тизмеси
"Вакцина алабыз деп чалып сурагандар баштапкыга салыштырмалуу азыр көбөйдү. Анын үстүнө анын натыйжасын, эмдөөдөн кийин эч нерсе болбой турганын көрүп жатышат. Оору да күч алууда. Айрымдары кезекке туруп коёлу деп жатышат. Буюрса, чет жактан дагы вакцина алып келинсе, өлкөнүн ар бир аймагына эмдөө пункттарын ачып, көбөйтөлү деп жатабыз", — деди башкы адис.
Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө жалпы 88 миңден көп адам эмделди. Анын ичинен эң көбү Бишкекте, азыраагы Баткен облусунда.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жакында COVAX программасы аркылуу Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы жана "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинерин айткан. Ал эми сентябрь айына чейин бир миллион адам коронавируска каршы вакцина ала турганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0