Кой-Таш окуясында жабыркаган Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды

© Фото / пресс-служба ГУВДЧүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов. Архив
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип комага түшүп калган.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 9-июнда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Курманкуловдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолуккан.
"Самат Курманкулов сыяктуу кызматкерлер берген антына туруп, кызматтык милдеттерин аткарууга жана коюлган тапшырманы чечүүгө ар дайым жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Дал ушундай офицерлер укук коргоо органдарынын жаш кызматкерлерине татыктуу өрнөк болуп, офицерлердин арасында өзгөчөлөнүп турат", — деди Иманкулов.
Жолугушуунун соңунда Коопсуздук кеңешинин катчысы президент Садыр Жапаровдун атынан Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погонун тапшырган.
Белгилей кетсек, президенттин 2021-жылдын 5-мартындагы жарлыгы менен Чүй облусунун мурдагы ИИББ башчысы Самат Курманкуловго "милициянын генерал-майору" жогорку атайын чени берилген.
Кырыгзстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2020
Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз
Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционер-жетекчиге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганы белгилүү болгон. Кийин ИИМ жетекчиси Москвага барып, Самат Курманкуловго ыйгарылган "Эрдик" медалын тапшырып кайткан.
Курманкулов 2020-жылдын апрель айында Бишкекке учуп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0