Эдуард Кубатов: Эверестке баратканда өзүмдү жоготуп койгон учур болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский альпинист Эдуард Кубатов
Кыргызский альпинист Эдуард Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Кыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырган. Анын Эвересттин чокусунда туруп кыргыз элине жолдогон кайрылуусун ар бир адам көргөн чыгар.
Белгилүү альпинист өлкөгө кайтып келгенден кийин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп, ийгилиги жана чокуга чыгуудагы кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.
— Эверестти багындыруу кыялы качан жаралды сизде?
— Бала кезимде калыптанган. Атам өзгөчө киши болчу, мага дайыма Эверест, Хан-Теңири чокулары, Кайлас тоосу тууралуу айтып берчү. Анын сөздөрү жүрөгүмө бекем сиңип калса керек, жаш кезимде Ысык-Көлдө кичинекей тоолорго чыгып алып өзүмдү Эверестке чыккандай элестетчүм. Эверестти багындыруу үчүн 2014-жылдан тартып кызуу даярдана баштадым. 2014-жылы биринчи жолу Чоң-Алайдагы Ленин чокусун багындыргам. Ал жерде абдан маанилүү жолугушуу болгон. Эверестке төрт жолу барган легендарлуу советтик альпинист Сергей Богомолов менен жолуктум. Чокудан түшүп келгенден кийин ал мага "сенин талантың бар экен, альпинизм менен алектенсең жакшы ийгиликтерди жаратасың" деди. Мен андан Эверестти да багындыра аламбы деп сурасам "багындырасың, мен буга толук ишенем" деп жооп берди. Ошондон бери катуу даярданып баштадым. 7 жылдын ичинде 5 чокуну багындырдым. Анткени Непалдын өкмөтү 7 миң метрден бийик эки чокуну багындырган альпинисттерге гана Эверестке чыгууга уруксат берет. 
© Фото / предоставлено Эдуардом КубатовымКыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырган
Альпинист Эдуард Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырган
— Эверестке чыккандан кийин сизге кандай ойлор келди?
Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Бишкектен Ошко чуркачу жөө күлүк Осмонбеков: азап тартып деп жактырбагандар бар
— Башында бул менин жеке долбоорум болчу. Бирок жашообуз социалдык тармак менен байланышкан доордо жашап жаткандыктан менин элге билинип, жалпы коомдук долбоорго айланып кетти. Көптөгөн адамдар мага кайрылып, ийгилик каалап жатты. Чыга албай калсамчы деген кабатырлануу да жаралбай койгон жок. Чокуну багындырган учурда аткара турган бир эле милдетим бар эле, ал — элге, өлкөгө кайрылып, жеңишимди Кыргызстаныма арноо болчу, мен аны орундаттым. Мага саясий лидерлер, жеке компаниялардын башчылары байланышып, "муну айтыңыз, мындай деп сүйлөңүз" деп суранышты. Аларга "бул жеңишти элиме гана арнайм" деп жооп берип жаттым.
— Ошол учурдагы сезимдер менен бөлүшө кетсеңиз?
— Башында өзгөчө сезимге туш болом го деп ойлоп жаттым. Бирок андай деле болгон жок. Чокуга чыгып шерп (жергиликтүү коштоп жүрүүчү, жол көрсөткүч) досум экөөбүз эки-үч мүнөт Гималайды тиктеп турдук да сүрөткө түшүп, элиме кайрылып милдетимди аткардым деп кайра ылдый жөнөдүк. Чокуда турганда жашоо жөнүндө ойлор келет экен, аман-эсен элиме, жериме, балдарымдын маңдайына жетейин деп тилендим.
— Чокуга чыгып баратканда Хиллари деген өтмөк бар экени, ал жерден тажрыйбалуу альпинисттер дагы каза болгону тууралуу фактылар бар экен. Сиз үчүн бул жерден өтүү кандай болду?
— Бул жер 8800 метрден өткөндөн кийин башталат, аябай татаал. Бычактын мизиндей болгон 200 метр жерден өтөсүң. Эверестте каза болгондордун 70-80 пайызы чыгып бара жатканда же түшүп келе жатканда так ушул жерде көз жумат. Биз Хиллари тепкичине саат 23:15те чыгып баштадык. Эртең мененки саат жетиде -35 градус суук болуп, катуу шамал болуп жаткан. Менин кычкылтек берген бет кабым муз болуп тоңуп, дем ала албай калдым. Ошол учурда кыйналып, өзүмдү жоготуп бараттым, ар кандай ойлор келди. Ушунча келип, чокуну багынта албай каламбы, балдарыма аман-эсен кайтып келем деп сөз бербедим беле дедим. Менин шерпим абалымды көрө калып, дароо кошумча бет капты кийгизип, кислороддон дем алышыма шарт түзүп бере салды. Мен дароо эки мүнөттүн ичинде өзүмө келип, экөөбүз жарым саатта чокуга чыгып бардык. 
— Альпинисттердин Эверестти багындырышына шерптердин жардамы чоң. Аларга кандай ыраазычылык айтып, эрдигин кантип баалайт элеңиз?
Кыргызстандык марафончу Казбек Мияров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Дубайдын чөлүндө 50 чакырым чуркаган Казбек. Кыргызстандык марафончунун маеги
— Азыркы күндө бир дагы альпинист, коштоп жүрүүчү шерптин жардамысыз чокуну багындыра албайт. Менин шерпимдин аты Лакба, мага бир туугандай эле болуп калды. Биз 8 500 метрге жеткенде анын бет кабы тоңуп, кислороду иштебей калды, экинчи бет кабын алмаштырса анысы да иштебейт. Менин алдымда бараткан, ошол маалда ал баса албай тизелеп калды. Анын кыйналып жатканын көрүп турдум. Дароо баштыгымдагы кошумча бет кабымды кийгизип, аны сактап калдым. Эреже боюнча биз кошумча бет капты эч кимге бербешибиз керек. Анткени бет кап өмүрүбүздүн кепилдиги. Бирок 8 800 метрге келгенде менин бет кабым иштебей калып, Лакба бет кабымды кайра кайтарып берип, мени сактап калды.
Чокудан кайтып келе жатканбыз, 8000 метрге келгенде ал эс алайын деп менден суранды. Мен дагы чарчап тургам. Ошол учурда ал бутумду кучактап ыйлап, англис тилинде турмушунун ушунчалык оор экенин айтты. Мен ошондо биринчи жолу эркек адамдын боздоп ыйлаганын көрдүм. Чынын айтканда, альпинисттер менен бирге чокуга чыккан шерптер татаал тагдырга туш болушат. Буюрса Лакба июль айында Кыргызстанга келип, конок болуп кетет. 
© Фото / предоставлено Эдуардом КубатовымЭдуард Кубатов: чокуну багындырган учурда аткара турган бир эле милдетим бар эле, ал — элге, өлкөгө кайрылып, жеңишимди Кыргызстаныма арноо болчу, мен аны орундаттым
Альпинист Эдуард Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эдуард Кубатов: чокуну багындырган учурда аткара турган бир эле милдетим бар эле, ал — элге, өлкөгө кайрылып, жеңишимди Кыргызстаныма арноо болчу, мен аны орундаттым
— Альпинисттер Эверестке эмне максатта чыгышат?
— Буга бир гана аныктама бар. Эверест дүйнөдөгү эң бийик чоку, аны багындыруу ар бир альпинисттин кыялы, спортчунун Олимпиада оюндарында жеңишке жеткениндей эле сөз. Бирок мен эки же андан көп жолу бул чокуга чыккандарды түшүнбөйм. Өзүм мындан кийин Эверестке чыкпайм деп сөз бердим. Ушундай жол менен улуу тоого болгон урматымды көрсөтөйүн деп жатам. 
© Sputnik / Эмиль СадыровЭдуард Кубатов: мен эки же андан көп жолу бул чокуга чыккандарды түшүнбөйм. Өзүм мындан кийин Эверестке чыкпайм деп сөз бердим
Мен чыкчу дагы эки чоку бар. Эверестти багындырган Эдуард Кубатовдун видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эдуард Кубатов: мен эки же андан көп жолу бул чокуга чыккандарды түшүнбөйм. Өзүм мындан кийин Эверестке чыкпайм деп сөз бердим
— Спортчуларда жеңиш эмес жеңишке карай кеткен жол маанилүү деп коюшат го. Сиз дагы көп жыл даярдандыңыз, чокуга чыгып баратканда татаал жолду басып өттүңүз. Ушул процесс сиз үчүн кандай болду?
— Биз чокуну багындыруу үчүн эки ай камдандык. Биринчи жолу 6 200 метрге чыгып кайра түштүк, Андан кийин 7200 метрге чыгып кайра түштүк. Үчүнчү жолу 8000 метрди багындырып кайра түшүп жаттык. Ушундай жол менен жаңы климатка, улам өзгөрүлүп туруучу атмосферага көнүп жаттык. Эки айдын ичинде ар бир мүнөт сайын максатыбызга жетүүнү тоодон суранып жаттык. Экспедиция учурундагы ар бир күн, ар бир мүнөт баалуу болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0