Бишкектин айрым жерлеринде 10-июнь күнү жарык өчөт. График

© AFP / JEFF PACHOUDЛампочкалар. Архив
Лампочкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, көмөк чордондорду тейлейт. Мындан улам шаардын айрым көчөлөрүндө жана жаңы конуштарда жарык убактылуу өчүрүлөт.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкектин кээ бир жерлеринде бейшемби, 10-июнь күнү, жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
  • 9:00-17:00 — Жал-23 кичи району, № 90;
  • 9:00-18:00 — Москва, Раззаков, Токтогул көчөлөрү жана Эркиндик проспектиси менен чектешкен аймакта;
  • 9:00-19:00 — Арча-Бешик (Абдрахманов, Кызыл-Адыр, Чортеков, Бердибаев көчөлөрүндө), Ак-Өргө (Алтын-Казык, Ашар, Таттыбүбү, Чамгарак, Жолон, Боз-Салкын, Саадак, Мажурум, Тогуз-Канат, Ай-Көчө), Ак-Босого (Чүй, № 41-47), Ак-Ордо (Ак-Дөөлөт), Тынчтык (Аксы, Ысык-Көл) конуштарында;
  • 9:30-17:00 — 10-кичи райондо, № 19;
  • 9:30-19:00 — Шүкүров, Суванбердиев, Кара-Дарыя, Молодежный, Проскуряков көчөлөрү менен чектешкен аймакта, Бакай-Ата конушунда, Он-Арча туюк көчөсүндө;
  • 10:00-17:00 — Көк-Жар (Көк-Жаңгак, Көк-Жайык, Достоевский) конушунда.
Жаңылыктар түрмөгү
0