ID-паспортту кимдер акысыз ала алышат. ММКнын билдирүүсү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасынын ID-паспорттору. Архив
Кыргыз Республикасынын ID-паспорттору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
ID-паспортту акысыз, жоголгон учурду кошпогондо беш категориядагы адамдар алууга укуктуу экени маалым болду.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктардын кээ бир категориясына ID-паспортторун акысыз берүү боюнча улуттук кампания август айына чейин уланат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
"Бул кампаниянын алкагында жалпысынан 67 арыз кабыл алынды. 37 ID-паспорт колдоруна берилди. Президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кампания 2021-жылдын 31-августуна чейин уланат", — деп айтылган маалыматта.
ID-паспортту акысыз, жоготулган учурларды кошпогондо төмөнкү категориядагы адамдар алууга укуктуу:
  • мамлекет тарабынан толук камсыздалган жана социалдык стационардык жатак мекемелеринде жашаган 16 жашка чейинки балдар;
  • 18 жашка чейинки атасы да, энеси да каза болгон балдар;
  • мамлекет тарабынан толук колдоого алынган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган бардык топтогу майыптар;
  • мамлекет тарабынан камсыздалган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган 70 жаштан ашкан пенсионерлер;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары (анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган, концлагерлердин жашы жете элек туткундары) жана Баткен окуясынын катышуучулары.
Жаңылыктар түрмөгү
0