Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин четиндеги гүл талаасы. Архив
Бишкектин четиндеги гүл талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
10-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Талас жеринде +28…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл аймагында +19…+24, Нарын өрөөнүндө +15…+20 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +30…+32 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0