Эколог Ысык-Көлдү сактап калуунун жолун көрсөттү

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Ысык-Көлдө экологиялык көйгөй абдан көп. Адис алар келечекте көлдүн жок болушуна алып келүүсү мүмкүн экенин айтат.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө экологиялык катастрофаны болтурбоонун жолу бар. Мындай пикирин курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы адис Владимир Гребнев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде  билдирди.
Ал белгилегендей, Ысык-Көлдү коргоо боюнча азыркы тапта көрүлүп жаткан чаралар экологияны жакшырта албайт.
© Sputnik / Эркин СадыковКурчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы адис Владимир Гребнев
Эксперт в области охраны окружающей среды и изменения климата Владимир Гребнев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы адис Владимир Гребнев
"Ысык-Көлдү коргоо боюнча кандайдыр бир чаралар көрүлсө да алар экологияга өзгөчө таасирин тийгизбейт. Андай аракеттер өзгөчө акцияларды өткөрүүдө, маанилүү иш-чараларда жана айрым окуялар учурунда гана пайда болот. Мындайда бирдиктүү программанын алкагында жана узак убакытка чейин жүргүзүлүүчү системалуу иш-аракет зарыл", — деген ал.
Эксперт көлдүн абалын биргелешкен аракеттердин негизинде гана жакшыртууга болорун кошумчалады.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери экологиялык акция уюштуруп, Ысык-Көлдөгү таштандыларды тазалашты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2020
Дайверлер Ысык-Көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды алып чыгышты. Сүрөт
"Мамлекеттин колдоосу, жергиликтүү элдин аракети болмоюнча Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу мүмкүн эмес. Бул көйгөйдү коомчулук, өзгөчө экология жаатындагы бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү тургундар көтөрүп чыгышы керек. Мамлекеттик органдардын милдети ошол маселелерди өз убагында жөнгө салып, келечекте бул сыяктуу көрүнүштөрдүн болтурбоого аракет кылуу керек", — деп белгиледи Гребнев.
Ал Ысык-Көл облусундагы экологиялык абалдын өнүгүшүнө өзүнүн болжолун айтты.
"Бүгүнкү күндө жаратылышты коргоо ишине караганда финансылык пайдага умтулуу басымдуулук кылат. Бул абал жыл өткөн сайын начарлап бара жатканынан кабар берет. Деген менен Ысык-Көл бассейнин калыбына келтирүү боюнча комплекстүү программа иштеп чыгып, абалды оңдоого дагы деле мүмкүнчүлүк бар. Эгерде мындай программа жакынкы 5-7 жыл аралыгында толук кандуу иштей турган болсо, анда 10 жылдын ичинде оңолгонун көрөбүз", — деп белгиледи эколог.
Гребнев кошумчалагандай, эгерде азыртадан баштап Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйүнө жетиштүү көңүл бурулбаса, анда аны жоготуп алуу коркунучу күч.
Жаңылыктар түрмөгү
0