Бишкекте ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Борбордо беш ай ичинде ичеги-карын инфекциясына 799 киши кабылды, былтыр ооругандар 600 болчу. Мэрия шаардыктарды өз алдынча дарыланбай ооруканага кайрылууну эскертүүдө.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында курч кармаган ичеги-карын инфекциясы көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Калаанын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, беш ай ичинде ичеги-карын инфекциясына 799 киши кабылган, былтыр ооругандар 600 болчу. Илдет 29,9 пайызга өскөнү белгиленет.
Ошондой эле этиологиясы белгисиз энтериттин 723 учуру катталды. Ал 2020-жылы 518 адамда аныкталган, натыйжада быйыл 34 пайызга жогорулады.
"Мындан тышкары, курч дизентерия оорусу 40 пайызга өскөн. Аны менен көбүнчө эки жашка чейинки балдар оорушат. Буга баланы караган ата-эненин жеке гигиенаны сактабагандыгы, тамак-ашты туура эмес сактап, колдонгону себеп. Оорулардын көбү калаанын конуштарында катталууда. Ошондой эле акыркы жумада Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында ичеги-карын инфекциясынын белгилери менен бөбөктөр көбөйдү", — деп айтылат маалыматта.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Азамат Имакеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Радио
Имакеев: тамак-аш жайларында сальмонеллез көбөйүүдө, мораторийди алыш керек
Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы калаадагы жугуштуу оорулардын учурдагы абалы боюнча кеңешме өткөргөн. Жыйынтыгында Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы тиешелүү пунктулардын ишин күчөтүү, курч ичеги-карын инфекциясын алдын алуу жана жеке гигиена боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Мэрия шаардыктарды өз алдынча дарыланбай ооруканага кайрылууну эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0