Орхан Инанды Түркиянын элчилигиндеби? КР бийлигине жооп айтылды

© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат""Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды. Архив
Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
6-июнь күнү Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды ишенимдүү маалымат булагы жолдошу Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деп айтканын билдирген.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги табылбай жаткан Орхан Инанды дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратында эмес деген маалымат берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Белгилей кетсек, 6-июнь күнү Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды ишенимдүү маалымат булагы жолдошу Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деп айтканын билдирген.
Абдиев бул маалымат боюнча Тышкы иштер министрлигине сурам жөнөтүлгөнүн айтты. Мындан сырткары, Инандынын элчиликтин имаратында экенин ким айтканын тактоо үчүн Рейхан Инанды менен да сүйлөшүү болгонун кошумчалады.
"Тилекке каршы, мындай маалыматты алар башка мамлекеттен алышкан. Биз бул маалымат булагы менен сүйлөшө алган жокпуз. Түркиянын элчилиги Орхан Инанды алардын имаратында эмес экенин айтты. Элчиликтин имаратын кирип кароого укугубуз жок. Мындан улам дипломатиялык каналдар аркылуу гана иштеп жатабыз", — деди Абдиев.
Ал Орхан Инанды башка документ менен Кыргызстандан чыгып кетти деген имиш болгондуктан Интерпол аркылуу Россия жана башка мамлекеттерге багыттама берилгенин кошумчалады.
Стамбулда Түркиянын мамлекеттик желегин фонунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Түркиянын Борбор Азиядагы чыныгы ролу кандай. Эксперттердин пикири
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Инандынын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө "Ала-Арча" суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган. Мындан улам президент Садыр Жапаров аны издөө үчүн кошумча күч тартууну тапшырган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0