Кыргызстанда университеттерди эки түргө бөлүү пландалууда. Максаты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУниверситеттеги аудитория. Архив
Университеттеги аудитория. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Буга чейин министрлик ЖОЖдордогу билим берүүнү "Университет 4.0" моделине трансформациялоо программасын иштеп чыккан.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү трансформациялоо жана мыйзамдык актыларды кайра карап чыгуунун алкагында Кыргызстандагы университеттерди эки түргө бөлүү пландалууда. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров
Заместитель министра образования и науки Нурлан Омуров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров
Буга чейин министрлик ЖОЖдордогу билим берүүнү "Университет 4.0" моделине трансформациялоо программасын даярдаган. Анын максаты — рыноктун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу.
"Бул программаны ишке ашырууда университеттерди негизги эки түргө бөлүү пландалууда. Биринчиси билим берет, изилдөө жүргүзөт, инновациялар менен алектенет, экинчиси эмгек рыногуна кадрларды даярдайт. Кыргызстанда изилдөөчү компоненттери көп ири университеттер бар, ошол эле учурда мыкты программист, электрик сыяктуу адистерди даярдаган ЖОЖдор иш алып барууда", — деди Өмүров.
Ошондой эле ал бардык университеттерге бирдей талап коюу туура эмес кадам болорун белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0