Кочкордон Бишкекке кетип калган. Милиция 11 жаштагы Айтурганды издөөдө

© AFP / KARIM SAHIBКыз. Архив
Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Изделип жаткан кыз эки күн мурун маршруттук таксиге отуруп Бишкекке келгени боюнча маалыматтар алынган.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кочкор райондук ички иштер бөлүмү 11 жаштагы Айтурган Садыкованы издеп жатат.
© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиКочкор райондук ички иштер бөлүмү 11 жаштагы Айтурган Садыкованы издеп жатат
Пропавшая Айтурган Садыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кочкор райондук ички иштер бөлүмү 11 жаштагы Айтурган Садыкованы издеп жатат
Ал 6-июнь күнү өзү жашаган Кочкор районунун Арсы айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Киши паркта сейилдеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Билсеңер кабарлап койгула. Милиция ысык-аталык кишини издеп жатат. Сүрөт
Алынган маалыматтар боюнча, Айтурган 6-июнда саат 15:00дөр чамасында Кочкордун автобекетинен маршруттук таксиге отуруп, Бишкек шаарынын автобекетинен түшүп калган.
Белгилери: толмочунан келген, бет түзүлүшү тоголок, кара тору, чачы кара, узундугу ийинине жетет.
Кийген кийимдери: кызыл футболка, кара шым, ак ботас жана колунда кызыл түстөгү мектеп сумкасы бар.
Райондук милиция кызды көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып, кабарлап коюуну өтүнөт: 102, (03535) 5-02-79, 0700 11-11-60.
Жаңылыктар түрмөгү
0