Бишкекте жума намазды мечитте окуганга уруксат берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги мечитте жума намаз учурунда бет капчан кишилер. Архив
Бишкектеги мечитте жума намаз учурунда бет капчан кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Муфтият санитардык нормалар менен эрежелерди сактоо башкы талап боюнча каларын эскертти. Намаз окучулар 11-июндан тарта мечитке келе берсе болот.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жума намазды мечиттерде окуганга уруксат берди.
Жараткандан жакшылык сурап таң заарда чогулган эл. Айт намаздагы 15 ирмем - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жараткандан жакшылык сурап таң заарда чогулган эл. Айт намаздагы 15 ирмем
Эпидемиологиялык эрежелерди сактоо талабы республикадагы бардык мечиттерге тиешелүү.
Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынан улам абал начарлап кеткендиктен муфтият 30-апрелден тарта айрым чектөөлөрдү киргизген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0