Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

КМТУнун ректору Кыргызстанда кайсы адистер талашка түшүп жатканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик техниккалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев
Кыргыз мамлекеттик техниккалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Чыныбаевдин айтымында, Кыргызстандын университеттери эмгек рыногунда талап жогору болуп жаткан адистерди эми даярдай баштайт.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Машина окутуу жана жасалма интеллект боюнча адистерге дүйнө жүзү боюнча суроо-талап жогору. Кыргызстанда ушундай кадрларды даярдоо пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Билим берүү министрлиги окуу жайларда чоң реформа жүргүзүүнү убадалап жатат. Реформа кандайча ишке ашат" аттуу брифингге катышты.
"Белгилүү болгондой, IT-тармагынын өзүнүн адистиктери бар. Анын ичинен машина окутуу жана жасалма интеллект адистигине талап күч жана дефицит байкалат. Тилекке каршы, кыргызстандык университеттер бул багыт боюнча адистерди даярдоого эми гана камынып жатат", — деди Чыныбаев.
Эске салсак, майдын аягында Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордогу билим берүүнүн 2021-2023-жылдарга карата трансформацияланган "Университет 4.0" моделиндеги программасын иштеп чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0