УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

© AFP / ALAIN JOCARDТүзөтүү кызматкери. Архив
Түзөтүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Бишкекти тескеген чекистке коррупция беренеси менен айып тагылды. Азырынча ал кайсы иштин фигуранты экени белгисиз.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нурлан Дүйшөкеев камакка алынды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Анын бөгөт чарасы 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилсин деп тандалган. Атайын кызматтын борбор калааны тескеген мурдагы жетекчиси коррупция беренеси менен айыпталууда. Азырынча ал кайсы ишке фигурант катары кармалганы белгисиз.
Жаңылыктар түрмөгү
0