Сахнада саясатчылардын айласын кетирип... Рахман Разыков тууралуу 8 факты

© Фото / предоставлено Эрнисом БорубаевымКуудул, сатирик Рахман Разыков. Архив
Куудул, сатирик Рахман Разыков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Куудул, сатирик Рахман Разыков акыркы сапарга узатылып, сөөгү жерге берилди. Ал 7-июнга караган түнү көз жумган. Маданият ишмери 66 жашта эле.
Sputnik Кыргызстан агенттиги сатира, юмор чөйрөсүнө зор салымын кошкон Рахман Разыковдун өмүр таржымалы, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу фактыларды чогултту. Айрым маалыматтар куудулдун жакын санаалашы жана сахналашы Жамбыл Камчиевден алынды.
Туулган жери. Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.
© Фото / предоставлено Жамбылом Камчиевым1990-жылы түзүлгөн "Аралаш" театры. Сүрөттө: Манас Бердибеков, Рахман Разыков, Дөөлөт Мадумаев жана Жамбыл Камчиевдин жаш кездери.
Известный кыргызский сатирик Рахман Разыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
1990-жылы түзүлгөн "Аралаш" театры. Сүрөттө: Манас Бердибеков, Рахман Разыков, Дөөлөт Мадумаев жана Жамбыл Камчиевдин жаш кездери.
Агроном. Разыков кесиби боюнча агроном. Жакындарынын айтымында, ал Айыл чарба институтун аяктаган.
Акын Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Дүйнө салганына жыл айланды. Акын Зайырбек Ажыматовдун сүрөттөгү элеси
Сахнага байланган 45 жыл. Рахман Разыков менен "Аралаш" куудулдар тобун түптөгөн жакын санаалашы Жамбыл Камчиев куудул менен таанышкан күнүн, "Аралаш" тобу кантип түптөлгөнүн айтып берди.
"Рахман менен Оштон таанышкам. Бир күнү Ош облусундагы өзбек театрына обончулардын отчеттук концертине барып, майкачан, аккордеон менен тамашалуу ыр аткарып жаткан жигитти көрүп калдым. Концерт бүткөндөн кийин экөөбүздү сахна артынан бир эже тааныштырган. Рахман 45 жылдан бери сахнада. Экөөбүз 1987-жылы "Азем" деген кооперативдик топ уюштурганбыз. Кийин ал топко Манас Бердибеков да кошулуп, үчөөбүз "Мыскыл жана тамашаны" алып чыкканбыз. Бизди ал учурда Жолдошбек Мамажанов жетектечү. 1988-1989-жылдары Бишкекке келип төрт күн катары менен концерт бергенибиз эсимде. Төртүнчү күнү залга эл батпай, аншлаг болгон. Андан кийин 1990-жылы "Аралаш" театры түзүлдү. Топто Манас, Рахмандан тышкары Дөөлөт Мадумаев да бар эле. Азыр үчөө тең кетти, жалгыз калдым...", — деди Камчиев.
Шакиртке бай. Рахман Разыков "Таң жылдызы", "Бешилик", "Беш кемпир", "Беш тапан" куудулдар тобун түзүп, аларды чоң сахнага алып чыккан. Аталган куудулдар тобу менен таанымал болгондордун арасында Тынар Курбаналиев, Талант Анарбаев, Эрнис Бөрүбаевдер бар.
© Фото / предоставлено Жамбылом КамчиевымРахман Разыков КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Мындан сырткары, ал КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон
Известный кыргызский сатирик Рахман Разыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рахман Разыков КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Мындан сырткары, ал КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон
Жазуучу. Рахман Разыков КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Мындан сырткары, ал КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Ыр чыгарып, китеп жазчу. Жакындарынын айтымында, акыркы учурда "Аралаш" тобунун тарыхы тууралуу китеп жазып жаткан. 
Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
Элмирбек Иманалиевдин күндөлүгүнөн. Бир келген өмүрдү майнаптуу жашагым келет...
Саясатка аттанып. Рахман Разыков бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого барган. Ал саясий көз карашын да активдүү билдирип турган. Концерттеринде сөзсүз саясий темаларды аралаштырып, аткаминер, саясатчыларды какшыктап турчу. Ал тургай айрым концерттерине бийлик тарабынан бут тосуулар болуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет суракка чакырганын уюштуруучулар айтып чыгышкан.
Үй-бүлөсү. Рахман Разыков үч уул, үч кыздын атасы. Балдарынын бири Каныбек Разыков атасынын жолун жолдоп куудул, тамада болгон. Бир кызынын да ырчы экени айтылды.
© Фото / предоставлено Жамбылом КамчиевымРахман Разыков үч уул, үч кыздын атасы. Балдарынын бири Каныбек Разыков атасынын жолун жолдоп куудул, тамада болгон
Известный кыргызский сатирик Рахман Разыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рахман Разыков үч уул, үч кыздын атасы. Балдарынын бири Каныбек Разыков атасынын жолун жолдоп куудул, тамада болгон
Коронавирустун курмандыгы. Жакын санаалаштарынын айтымында, Рахман Разыков коронавирус илдетин жуктуруп алып 10 күндөн бери ооруканада дарыланып жаткан. Бирок куудул ооруну жеңе алган эмес. Бул илдетти аялы да жуктуруп, ооруканада экени маалым болду. Рахман Разыков кант дибети менен да жабыркап жүргөнү айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0