379 киши COVID жуктуруп, Бишкекте 7 бейтап көз жумду. Статистика

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер аялдын сатурациясын өлчөп жатат. Архив
Медициналык кызматкер аялдын сатурациясын өлчөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 107 714кө жетти. Анын ичинен 101 033 адам дартты жеңген.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 379 кишиден табылып, 311 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 149;
  • Ош шаары – 50;
  • Чүй облусу – 96;
  • Ош облусу – 32;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 9.
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 107 714кө жетти. Анын ичинен 101 033 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 153;
  • Ош шаары – 15;
  • Чүй облусу – 81;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 16;
  • Баткен облусу – 5.
Кечээтен бери коронавирустан жети адам көз жумган. Анын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 859 киши каза тапты.
Стационарларда дарыланууда 1 765 киши жатат. Алардын ичинен 493ү оор абалда, 109у өтө оор абалда экени айтылууда. 2 016 киши үйүндө дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0