Эрте келчү өлүмдөн кантип сактануу керек. Кардиологдун кеңеши

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКраевая станция переливания крови во Владивостоке
Краевая станция переливания крови во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Дарыгер адамдын организмине терс таасир эткен, картаюунун жети факторун атап, алардын ар бирине токтолгон.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Адамдын жашы өтүп бара жатканда анын жүрөк жана кан тамыр системасынын иштеши өмүр үчүн өтө маанилүү. Бул тууралуу РИА Новости focus.de басылмасына маалымат берген кардиолог Мартин Халленин айтканына таянып жазды. 
Кан тамырлардын таза жана жылмакай болушу организмдин бардык клеткаларын азыктандырууда өтө маанилүү, ал тиешелүү заттар менен камсыздайт. Эгерде таза болбой, ага зыяндуу нерселер тыгылып калса, кан айлануунун иштешин начарлатат.
Киши тамеки чегип турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Чылымды таштаган кишинин организми кантип өзгөрөт
Дарыгер адамдын организмине терс таасир эткен, картаюунун жети факторун атап берген. Биринчи орунга туура тамактанууну койгон. Ашыкча салмак кан тамырларга залалын келтирерин айткан. Мунун кесепетинен кан кабылдатып жиберүүгө жөндөмдүү заттарды бөлүп чыгарарын эскерткен.
Адис дагы бир душман холестерин экенин айткан.
Кадимки эле кумшекер, кант тамырлардын коргонуучу катмарын бузарын, клеткаларды жок кыларын, эгерде кан басым жогоруласа, адам стресске кабылганда анын жарылып кетүү коркунучун жаратарын эске салган.
Кооптуу дагы бир учур — чылым чегүү. Никотин кан тамырга кирет да, аны иштен чыгарып, клеткаларды өлтүрөт. Анын кесепетинен ар кандай тешикче, тырык калышы мүмкүн. Дарыгер дагы эскертүүчү учур — семиздик менен тамеки организмдеги өнөкөт ооруларды козгоп, кабылдатып жиберүүгө жөндөмдүү экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0