Катты абактан жазып жатам… Өмүрбек Бабанов элге кайрылуу жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Өмүрбек Бабанов 2012-жылдын акырына чейин премьер-министр болуп иштегенге мүмкүнчүлүк берилгенде Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн сөзсүз түрдө 70 пайызга жеткирип, өлкө өзү Кумтөрдү башкарып калмактыгын белгиледи.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кумтөр иши боюнча коррупциялык ишке шектелип УКМКнын тергөө абагына киргизилген саясатчы Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарга кат аркылуу кайрылды. Ал катты тергөө абагынан жазганын белгилеген.
Саясатчы абийири таза болгондуктан башын бийик көтөрүп жүрөрүн айткан.
"Кымбаттуу кыргызстандыктар! Мен бул катты УКМКнын тергөө абагынан жазып жатам. Менин эрким бекем жана үмүтүм чоң, анткени чындык баары бир жеңет. Мен башымды бийик көтөрүп жүрөм, анткени менин абийирим таза жана ишим туура", — деди Бабанов.
Ал сот боюнча пикири менен дагы бөлүшкөн.
Биринчи май райондук сотун алдындагы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Колуна кишен салынып... Камалган Бабановду соттон алып чыккан видео
"Мен жактоочуларым менен соттук териштирүүгө журналисттерди киргизүүнү абдан сурандым. Эгер мен корко турган нерсе болсо, журналисттерди киргизгиле дейт белем? Тилекке каршы, сот бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок, залда аудио-видео жазуу жүргүзүлөт, аны кийин алса болот деген. Бирок соттук териштирүүдөн кийин видеоматериалды берүүдөн баш тартышты. Менин жактоочуларым расмий түрдө өтүнүч кылганы менен, сот техникалык себептерден улам жазылбай калыптыр деп жооп берип койду.
Судья эмнеге алдайт? Соттук териштирүү түшүрүлгөн видеону бергенден коркуп жатышат. Себеби соттогу абсурдду видеожазуудан бардыгы көрө алмак. Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай башын жерге салып турушту. Анткени алар бир нерсени билишкен – мага коюлуп жаткан айып эч нерсеге жарабаган, акылга сыйбаган айыптоо", — деди Бабанов.
Саясатчы премьер-министр болуп турган кезде Кумтөр маселесин көтөргөн бирден бир аткаминер болгонун белгиледи.
Временное заключение под стражу подозреваемых в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жапаровдун маалымат катчысы саясатчылардын камалышы боюнча үн катты
"Ким Кумтөрдөн 16 300 гектар жерди мамлекетке кайтарды? Ким Жогорку Кеңештин чечиминен кийин дароо мамлекеттик комиссия түздү? Премьер-министрлердин ичинен кимиси “Центерранын” экологиялык кылмыштарын эл алдында ачыктап, келишимди өзгөртүү керек деп айтып чыкты эле? Ким Кумтөрдү калктын начар жашаган аярлуу катмарына жардам катары 21 миллион доллар бөлүп берүүгө мажбур кылды эле? Мени ушул иштерим үчүн соттоп жатышабы?.." — деп суроо салды ал.
Айыптоочу тараптын Бабанов премьер-министр кызматында турганда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын убактылуу депутаттык комиссиянын отчётуна каршы добуш берүүгө “үндөгөн” дегени боюнча дагы комментарий берген.
"2010-2012-жылдар Жогорку Кеңештин депутаттары өз алдынча жана өкмөттөн көз каранды эмес учуру катары тарыхта калды.
Жогорку Кеңеш мени жана менин өкмөтүмдү кандай катуу сындаганы эсиңиздерде болсо керек. Бизди отставкага кетирүүгө аракет кылып, ишеним көрсөтпөө жарыялашкан. Жыйынтыгында, алар максатына жетип, коалицияны ыдыратып, мен 31-августта отставкага кеттим.
Киши темир торду кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Бабанов, Жээнбеков, Суракматов УКМКнын тергөө абагындагы шартты айтышты
Керек болсо "Республика" фракциясындагы менин үзөңгүлөштөрүм да бир кылка эмес, өз көз караштарына жараша добуш беришкен. Арасында “макул” же “каршы” добуш бергендери да бар, добуш бербей койгондору да бар. Ушунун өзү керек болсо фракциядагы депутаттар да чечимди жеке өздөрү кабыл алган дегенди далилдеп турбайбы", — деди саясатчы.
Бабанов мөңгүлөр боюнча мыйзамга дагы каршы чыкканын айтты.
"2016-жылы парламентке Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн өздөштүрүү тууралуу мыйзамды алып келишкенде жеке мен жана биздин фракция каршы добуш бергенбиз. Бул менин "Центеррага" системдүү түрдө каршы чыгып жүргөнүмдүн дагы бир далили. Мага 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканы өтө өкүнүчтүү – биз Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70 пайызга жеткирип, Кыргызстан өзү Кумтөрдү башкарып калмак", — деди ал.
Бабанов ал үчүн жашоодогу эң кымбат нерсе — бул анын фамилиясы экенин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0