Президенттин кортежи менен кагышкан айдоочунун абалы айтылды

© AFP / PABLO PORCIUNCULAОоруканада бейтапты карап жаткан медициналык кызматкер. Архив
Ооруканада бейтапты карап жаткан медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Буга чейин ИИМдин маалымат кызматы кортеж менен сүзүшкөн Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу ооруканада экенин билдирген.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги автоунаа менен кагышкан башка автокөлүктүн айдоочусунун абалын айтты.
Буга чейин ИИМдин маалымат кызматы кортеж менен сүзүшкөн Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу ооруканада экенин билдирген.
Министрдин айтымында, айдоочу учурда Бишкектеги ооруканалардын биринен медициналык жардам алып жатат.
"Ал автоунаада айдоочу жана анын аялы болгон. Алар коноктон келе жатканы айтылды. Учурда айдоочу Бишкектеги ооруканада, ал эми жубайы медициналык жардамды Чолпон-Атадагы ооруканадан алууда. Абалдары жакшы", — деди министр.
Бейшеналиев кырсыктан беш киши жабыркаганын айтып, төрт киши Бишкектеги ооруканага алып келингенин кошумчалады.
Медайым оорукананын коридорунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Президенттин кортежи. Кырсыктаган 9-кызматтын башчысына операция жасалды
Кортеж катышкан жол кырсыгы 4-июнь күнү болгон. Андагы автоунаа Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен автокөлүк менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, УКМКнын бир кызматкери каза тапкан. Кийинчерээк көз жумган адам президенттин дарыгери болгону айтылган. Кырсыктан жабыркагандардын арасында 9-кызматтын жетекчиси болгон. 7-июнь күнү ага операция жасалды.
Башкы прокуратура мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежи катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы боюнча иш козголгонун билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0