Бишкекте кечки эмдөө пунктулары жабылды. Күндүз иштегендердин тизмеси

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкекте эмдөө пунктунда киши вакцина алып жатат. Архив
Бишкекте эмдөө пунктунда киши вакцина алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Учурда төрт райондогу кечки эмдөө пунктулары убактылуу жабылып, бир гана студенттик бейтапканада саат 15:00дөн 23:00гө чейин вакцина саюу улантылып жатат.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте кечки эмдөө пунктулары убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
"Бишкекте вакциналардын биринчи партиясы колдонулуп бүттү. Учурда төрт райондогу кечки эмдөө пунктулары убактылуу жабылып, бир гана студенттик бейтапканада саат 15:00дөн 23:00гө чейин вакцина саюу улантылып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, муниципалитет азыр шаар боюнча 24 эмдөө пункту иштеп жатканын эске салып, тизмесин берди. Алар саат 8:00дөн 17:00гө чейин кабыл алат:
  • Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Свердлов районунун №4,8,9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Биринчи май районунун №7,14,16 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Октябрь районунун №15,18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ленин районунун №2,17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Калыс-Ордо, Учкун, Кара-Жыгач, Ак-Бата конушундагы амбулаториялар;
  • Темир жол ооруканасынын бейтапканасы.
Эмдөө боюнча суроолор жаралса бул телефондорго чалса болот: 0312 31 32 97, 54 65 21, 0708 521 710.
Жаңылыктар түрмөгү
0