Жыл башынан бери маяна кайсы тармакта канча пайызга көтөрүлдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт
Сом купралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Январь-март айларында экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген көпчүлүк ишканаларда айлык көтөрүлгөн. Белгилей кетсек, Кыргызстанда орточо айлык 18 миң сомдун тегерегинде деп эсептелет.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Улуттук статистика комитети жыл башында кайсы тармактарда орточо айлык көбөйүп, кайсы тармакта ошол бойдон калганын кабарлады.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген көпчүлүк ишканаларда айлык төмөндөгүдөй көрсөткүчтө жогорулады:
  • маалымат жана байланыш тармагында — 26,9 пайыз;
  • транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында — 11,5 пайыз;
  • мейманкана жана ресторан тармагында — 11,1 пайыз;
  • илимий жана техникалык ишмердүүлүк менен алектенген тармактарда — 10,1 пайыз;
  • баалуу металлдарды казуу тармагында — 10 пайыз;
  • өндүрүш иштетүү тармагында — 9,2 пайыз;
  • дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо тармагы — 8,5 пайыз;
  • суу менен камсыздоо, таштанды иштетүү тармагы — 6,6 пайыз.
Ошол эле учурда электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо жана курулуш тармактарында иштегендердин айлыгы өскөн жок.
Кыргызстанда орточо айлык 18 миң сомдун тегерегинде деп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0