Кыргызстандын чек арачылары кадимки тартипте иштей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арачы Тажикстан менен чек арада. Архив
Чек арачы Тажикстан менен чек арада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Саат 21:30га карата алынган маалымат боюнча, Чоң-Алайдын Унжу-Булак аймагындагы абал туруктуу.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылар күчөтүлгөн тартиптен кадимки тартипке өтүп иштей баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Саат 21:30га карата алынган маалымат боюнча, Чоң-Алайдын Унжу-Булак аймагындагы абал туруктуу.
"Тараптар кошумча тартылган күчтү артка кайтарды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү кадимки тартипте кызмат өтөөгө өттү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Рабочее совещание по обсуждению текущего исполнения государственного бюджета правительством КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Ташиев жана Ятимовдун чек ара боюнча макулдашкан протоколу жарыяланды
Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирген.
4-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Карамык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталып, 5-июнда көчүрүлгөн эл кайра айылдарына жеткириле баштаган.
Кийинчерээк эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери сүйлөшүп, макулдашкан протоколу жарыяланган. Анын негизинде эки тараптын тең аскерлерин артка кайтаруу тууралуу жазылган.
6-июнда Тажикстандын аскерлери такталбаган аймакка курулган контейнерлерин ташып кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0