Тажик аскерлери такталбаган аймакка койгон контейнерлерин алып кетти. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-тажик чек арасындагы жоокер. Архив
Кыргыз-тажик чек арасындагы жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
4-июнь күнү эртең менен Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан эки тараптуу түзүлгөн келишимди бузуп, такталбаган аймакка контейнер орнотконун маалымдаган.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Тажикстандын аскерлери Чоң-Алай районуна караган Унжу-Булактагы такталбаган аймакка орноткон контейнерлерин алып кетти. Бул тууралуу маалыматты УКМКдан тастыкташты.
Ташылып бараткан контейнерлердин видеосу интернетке дагы жарыяланды.
УКМКдан билдиришкендей, саат 14:00дө тараптар кошумча күчтөрүн дагы артка кайтарган.
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Кыргызстан Тажикстандын "Унжу-Булак" боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды
4-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Карамык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылдарынын тургундарын эвакуациялоо башталып, 5-июнда көчүрүлгөн эл кайра айылдарына жеткириле баштаган.
Кийинчерээк эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери сүйлөшүп, макулдашкан протоколу жарыяланган. Анын негизинде эки тараптын тең аскерлерин артка кайтаруу тууралуу жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0