УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берди

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКыргызстандын аскер кызматкерлери Тажикстан менен чек арада
Кыргызстандын аскер кызматкерлери Тажикстан менен чек арада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен кошумча күчтөрдү артка кайтаруу иштери жыйынтыкталган.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак участогундагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
"Саат 15:30га карата Унжу-Булак участогундагы абал туруктуу. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен аскерлерди жана кошумча күчтөрдү артка кайтаруу иштери жыйынтыкталды", —деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Ташиев: тажик тарап менен макулдаштык, Чоң-Алайдагы аскерлер артка кетет. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Ташиев: тажик тарап менен макулдаштык, Чоң-Алайдагы аскерлер артка кетет. Видео
Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирген.
4-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Карамык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталып, 5-июнда көчүрүлгөн эл кайра айылдарына жеткириле баштаган.
Кийинчерээк эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери сүйлөшүп, макулдашкан протоколу жарыяланган. Анын негизинде эки тараптын тең аскерлерин артка кайтаруу тууралуу жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0