Бир суткада 337 кишиден коронавирус табылып, 5 бейтап көз жумду

© AFP / RAUL ARBOLEDAМедициналык кызматкер COVID-19 ооруган бейтап менен ооруканада
Медициналык кызматкер COVID-19 ооруган бейтап менен ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Кыргызстанда оору илештиргендердин жалпы саны 106 973кө жетип, анын ичинен 100 447 адам айыкты. 1 847 бейтап коронавирустун курмандыгы болду.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Өткөн суткада 337 кишиден коронавирус табылып, 333 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
COVID: Кызыл жарым ай коому Чүйдө тез жардам кызматын ишке киргизди
Тилекке каршы, бир сутка ичинде оору беш адамдын өмүрүн алган. Анын төртөө Бишкекте болсо, бирөө Чүй облусунда. Муну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 1 847 болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0