Токио Олимпиадасы. Спортчуларга презерватив таратылат, бирок колдонууга болбойт

© AFP / MANAN VATSYAYANAПрезервативлер. Архив
Презервативлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Олимпиада катышуучуларына презерватив таратуу 1988-жылы Сеулда (Түштүк Корея) өткөн Олимпиада оюндарынан кийин салт болуп калган. Себеби бул жылы дүйнөнү СПИД эпидемиясы каптаган.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Токиодо Олимпиада катышуучулары жашай турган аймакка 150 миң презерватив бөлүнүп, бирок аны колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазды.
Олимпиада боюнча эл аралык комитет спортчуларды презервативди колдонбоого үндөөдө. Себеби контрацептивдер жыныстык катнаш учурунда коронавирустан коргобойт. Эреже боюнча спортчулар эки метр аралыкты сакташы керек. Комитет аларды башка бирөө менен жакындашкандан, кучакташуудан, кол алышуудан алыс болууга чакырган.
Спортчулар жашаган аймагынан өтө зарыл болгон учурда гана чыга алышат. Эреже сакталбаса, айып пул салынышы ыктымал.
Олимпиада оюндарынын символу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
КТРК Токио Олимпиадасын түз алып көрсөтөт
Олимпиада катышуучуларына презерватив таратуу 1988-жылы Сеулда (Түштүк Корея) өткөн Олимпиада оюндарынан кийин салт болуп калган. Себеби бул жылы дүйнөнү СПИД эпидемиясы каптаган.
Контрацептивдер Олимпиада оюндарынын катышуучулары арасында дайыма суроо-талапка ээ. Акыркы оюндарда ал тартыш болгону айтылды. 2000-жылы Сиднейдеги Жайкы Олимпиада оюндарында 70 миң презерватив даярдап койгон уюштуруучулар кошумча дагы 20 миң даана буйрутма берүүгө аргасыз болушкан.
Олипиада оюндарында презерватив колдонуу жагынан 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу оюнда рекорд коюлган. Анда спортчулар 450 миң даана контрацептив колдонушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0