Кондиционер жок деп кейибеңиз! Үйдү салкындатуунун 11 ыкмасы

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүҮйдүн жашоочулары балкондо. Архив
Үйдүн жашоочулары балкондо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Адис үйлөмө шар, бөлмө өсүмдүктөрү жана кадимки эле швабранын жардамы менен саратанда үйдү салкындатуунун жолдорун тизмектеп берди.
Кыргызстанда жаз кечиксе да жай өз маалында келди. Дегенибиз термометр эмитен эле көлөкөдө +30...+35 градусту көрсөтүүдө. Энергетикалык эффективдүүлүк боюнча инженер Оксана Гудкова кондиционер орнотпостон колубуздагы эле каражаттар менен батир же жеке турак жайды мээлүүн кармоого болорун айтып берди.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭнергетикалык эффективдүүлүк боюнча инженер Оксана Гудкова
Инженер ВИЭ Оксана Гудкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Энергетикалык эффективдүүлүк боюнча инженер Оксана Гудкова

Кенен мейкиндик

Бөлмөлөрдө көбүрөөк орун бошотуңуз. Абанын тоскоолдуксуз айланышы температураны төмөндөтүүгө көмөкчү болот. Мунун чарасы жеңил эле, эмерек, стол, отургучтарды дубалга такай коюңуз, бөлмө каалгаларын ачык кармап, килем, төшөк, одеяло, каалгалардагы көшөгөлөрдү алып салыңыз. Бөлмө канчалык бош болсо, абанын аптабы ошончолук тез кайтат.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБөлмөлөрдө көбүрөөк орун бошотуңуз. Абанын тоскоолдуксуз айланышы температураны төмөндөтүүгө көмөкчү болот
Церемония вручения квартир военнослужащим Министерства обороны и Пограничной службы ГКНБ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бөлмөлөрдө көбүрөөк орун бошотуңуз. Абанын тоскоолдуксуз айланышы температураны төмөндөтүүгө көмөкчү болот

Терезелер

Терезе пардаларын калың кездемеден тагып, күн чакыйып тийип турганда ачпаңыз. Батирди таң эртең менен же кеч киргенде желдеткен оң. Эгер терезелер ар багытка караса, анда үйдүн көлөкө жагындагыларын гана ачкан дурус. Ошондой эле терезенин айнектерин караңгылатуучу же жарыкка чагылуучу пленкаларды чаптоо да кактаган күндүн табынан жакшы коргойт. Эгер экөө тең болбосо, кадимки эле ак кагаз чаптаңыз. Бул күндүн жарыгын чагылтып бөлмөдөгү абанын жылып кетишине жол бербейт.

Шам чырак жана лампалар

Лампалардын катуу ысып кетери жалпыга маалым. Баарынан да ичине зым салынган кадимки лампочкалар өтө ысыйт. Абанын температурасын түшүрүү үчүн люстра, шам чырак же зарылдыгы болсо светильниктерди колдонуңуз. Лампаларды жарык чыгаруучу диодго алмаштырууга болот. Алар азыраак (80 пайызга дейре) гана ысыбастан, электр кубатын да сарамжалдайт.
© Фото / PexelsЛампаларды жарык чыгаруучу диодго алмаштырууга болот. Алар азыраак (80 пайызга дейре) гана ысыбастан, электр кубатын да сарамжалдайт
Отключение электричества в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Лампаларды жарык чыгаруучу диодго алмаштырууга болот. Алар азыраак (80 пайызга дейре) гана ысыбастан, электр кубатын да сарамжалдайт

Ашкана жана жабдыктар

Газ же электр мешке тамак жасаганыңызда бөлмө катуу ысып кетет. Жайдын аптабында азыгыңызды таңда же кечкисин жасап алып, муздаткычта сактап, жылытып жеген жакшы. Бөлмөнүн ысышына муздаткыч, телевизор, компьютер да таасир этет. Өчүрүлүп турган жабдыктар да электр кубатын сарптап, абаны жылытарын эсиңизге түйүңүз.
Стаканга суу алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Сууну убара тартпастан кантип үнөмдөө керек? 10 лайфхак
Нымдуулук
Үйдү улам жууп-тазалап туруңуз. Бууланган ным абаны бир аз салкындатат. Нымдалган шейшептерди бөлмөгө илип же муздак сууну тюль, парда, обойлорго пульверизатор менен чачуу да ушул натыйжаны берет. Майда тамчылардан зыян келбейт, ал эми суунун бууланышы да мээлүүн абаны тартуулайт.

Вентилятор

Көп үйлөрдө вентиляторлорду пайдаланышат, бирок кыйла салкындатуу үчүн алар туура жерде турушу шарт. Мисалы, желдетүүдө бир вентиляторду терезеге абаны үйлөөгө, экинчисин башка бөлмөгө абаны толтуруу үчүн коюу керек. Сырттагы мээлүүн аба үйдү тез салкындатат. Мындан тышкары, эгер багытын алмаштырып турган вентиляторду пайдалансаңыз, аны муздак аба өйдө үйлөгөндөй кылып бурууга болот. Эгер вентилятордун жанына муз салынган желим бөтөлкө койсоңуз, абаны кондиционердей эле муздатат.

Үйлөмө шар

Эгер үйдө вентилятор болбосо кадимки үйлөмө шарды пайдаланууга болот. Суу толтуруп, түнкүсүн тоңдургучка салыңыз. Таң атканда шариктерди бөлмөлөргө коюп чыгасыз, салкын аба 2-4 саат сакталат.
Адам суу ичип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Ысыкта канча суу ичүү керек жана кайсы суусундук зыян. Кеп-кеңеш
Нымдаткыч жабдык
Бөлмөнү мээлүүн кылуу үчүн ушундай жабдыкты колдонуңуз. Алар абаны гана салкындатпастан, ным менен каныктырат. Мындан улам дем алуу жеңилдей түшөт. Эгер атайын жабдык болбосо, кадимки эле пульверизаторду пайдалануу менен улам суу чачыратып коюп туруңуз.

Шейшептерди муздатуу

Күн тийбесе да таңдан берки ысыган аба түндө да ыңгайсыздык жаратышы ыктымал. Саратан түнү шейшептерди муздатуу дароо уктоого жардам берет. Ал үчүн шейшепти желим баштыкка салып тоңдургучка болгону 10-15 мүнөткө салыңыз. Нымды эмес, салкын абаны сезесиз.

Үйдү гүлгө толтуруңуз

Бөлмө өсүмдүктөрү да үйдөгү абаны мээлүүн кармайт. Ошондой эле гүл өстүрүлгөн тамда аба тазараак дагы келет. Өсүмдүктөр нымды активдүү буулантып, салкын абаны камсыз кылат.
© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүБөлмө өсүмдүктөрү да үйдөгү абаны мээлүүн кармайт. Ошондой эле гүл өстүрүлгөн тамда аба тазараак дагы келет
Заокский питомник растений в Тульской области  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бөлмө өсүмдүктөрү да үйдөгү абаны мээлүүн кармайт. Ошондой эле гүл өстүрүлгөн тамда аба тазараак дагы келет

Жылуулоо

Сыртынан жылууланган үй жана батирлердин чатыр жана дубалдары көчөдөн жылуулук киргизбей, ичтен да салкын абаны чыгарбайт. Ошондуктан жайы-кышы ыңгайлуу жашагыңыз келсе, үйдү изоляциялык материалдар менен жылуулаган оң. Андан сырткары, кубаттуулукту үнөмдөөчү айнектер салынган кат-кат терезелерди коюуга болот. Эгер шартыңыз туура келсе, үйдүн дубал, чатырын ак түскө сырдаңыз, бул күндүн нурун жакшы чагылтат. Айрыкча аптаптуу аймактарда бул абдан орчундуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0