Автоунаанын ичин кондиционерсиз кантип муздатуу керек. Кеңеш

© AFP 2023 / Charly TRIBALLEAUСильная жара в Токио
Сильная жара в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Автокөлүктүн ичин муздаткандан тышкары айдоочулар аптап күнү өздөрү үчүн ар кандай шарттарды түзүп алса болот.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Автоунааны кондиционери жок муздатуунун натыйжалуу жолдору тууралуу Daily Express басылмасына эксперт ой бөлүштү.
Адистин айтымында, салонго күндүн кубаты менен иштеген чакан желдеткичтерди орнотсо болот.
Стаканга суу алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Сууну убара тартпастан кантип үнөмдөө керек? 10 лайфхак
Дагы бир ыкма — желдеткичтин тешигине жакын жерге нымдуу сүлгүнү байлап койсо, андан чыгып жаткан абаны муздатууга жардам берет.
Ошондой эле адис рулга жана жабдык тактасына (прибордук панель) чүпүрөк тыш каптап, терезелерди жаап айдап, автоунааны көлөкөгө токтотууну сунуш кылган.
Мындан тышкары, ысыктан сактануу үчүн муздак же муз тоңдурулган бөтөлкөнү салып алса болот. Адатта айдоочулар бөтөлкөгө сүлгүнү ороп моюн тушуна жаздап алышат. Бирок адис мындай ыкма ден соолукка зыян экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0