Гита Резахановага Москвада оор операция жасалмай болду

© AFP / MARTIN BUREAUЗдравоохранение во Франции
Здравоохранение во Франции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Кечээ кыз наркоз менен текшерүүдөн өткөн. Татаал операция дүйшөмбүгө пландаштырылганы айтылды.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Гита Резахановага Москва шаарында шашылыш операция жасалмай болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине белгилүү сиам эгиздердин энеси Зумрият Резаханова билдирди.
Ал буга чейин кызынын абалы начарлап кеткенин Facebook баракчасына жазган.
"Бүгүн Гитанын ден соолугу кескин начарлап кетти. Жүрөгү мүнөтүнө 120-130 жолу согуп жатат. Өңүнөн азып кетти, көзүнө жаш толуп турабы же оорудан ушундай болуп калдыбы, белгисиз. Кантип жардам берем? Эмне кылам? Текшерүүдөн өтүшүбүз керек. Дүйшөмбү күнү операция болот. Баарыңыздарга ден соолук", — деп жазган Резаханова.
Ал эки жылдан бери ар эки ай сайын Гита менен Москвага барып, бөйрөгүндөгү стенттин түтүгүн алмаштырып келерин айткан.
Зитанын сөздөрү: Кудайга ыраазычылык билдирип, жүрөгүңөрдү муздатпагыла!
"2019-жылы Гитадан онкология — жоон ичегинин рагы аныкталып, экинчи стадияда экени белгилүү болгон. Шишик алынып, бөйрөгүнө түтүк орнотулган. Эми жалгыз бөйрөгүн жарактан чыгарган көйгөй жаралды. Ошондуктан операция жасоо чечими кабыл алынган. Дарыгерлер Гитага зыян келтирбегидей кылып колунан келген аракеттин баарын жасай тургандыктарын айтышты", — деди эгиздердин энеси.
Резаханова Бишкекте аларга жеке клиникалардын бири жардам берип жатканын белгиледи.
"Баламдын жашоосу ансыз деле дарыгерлерден көз каранды болчу. Кудайдын колундабыз. Медициналык жардамсыз жашай албайбыз, жакшылыктан үмүт үзбөй турабыз", — деп сөзүн жыйынтыктады аял.
Зита жана Гита Резахановалар дүйнөдө ажыратылгандан кийин жашап кеткен алгачкы сиам эгиздер. Операциядан кийин көпкө чейин ден соолуктары жакшы болуп келген. Бир табарсык, үч буту бар кыздарга уникалдуу операцияны 2003-жылы Москвадагы Филатов клиникасынын дарыгерлери жасаган.
Бирок 2011-жылы Зитанын абалы начарлап, бир катар клиникалардан дарыланганына карабастан улам бир органы иштен чыга берген. 2015-жылдын октябрында Зита Военно-Антоновка айылындагы ата-энесинин үйүндө көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0