Жашым өткөндө экинчи ирет турмушка чыгып жаңылдым. Кызматкер аялдын каты

© AFP / PHILIPPE HUGUENПожилая пара в Газебруке
Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына балдары чоңойгондо экинчи ирет турмуш курган аял үй-бүлөлүк көйгөйү менен кайрылган.
Саламатсыздарбы, мен үч баланын апасымын. Жолдошум балдар кичинекей кезинде эле каза болуп күйөөдөн эрте калдым. Аларды чоңойтуп, жакшыраак тарбия берейин деп жүрүп билинбей убакыт өтүп кетиптир. Улуу балдарым студент. Кичүү кызым 5-класста окуйт. Азыр 45 жаштамын. Турмушка чыгуу тууралуу деле ойлонгон эмесмин. Бирок жашоомдо менден төрт жаш улуу адам капыстан пайда болду. Мурда чогуу иштегенбиз. Кийин бир жерден көрүшүп, жазышып жүрүп жакшы болуп кеттик. Келинчеги менен ажырашканына көп жыл болуптур. Балдары апасында экен. Көптөн бери жалгыз жашап жүргөн киши үч ай сүйлөшкөндөн кийин колумду сурады. Балдарым ырас тартиптүү чыкты. Аларга турмушка чыгарымды айтсам көп деле каршы болушкан жок. Анын үстүнө ар бири өз жашоосу менен өзү болуп бара жаткан.
Аял башын кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Атам кыздарды жерий берип эркектер менен сүйлөшө албай калдым. Кыздын каты
Ошентип ал адам менен нике кыйдырып чогуу жашап калдык. Билимдүү, эл менен аралашкан, түшүнүктүү адамдай көрүндү. Кызымды өзүмдүн жаныма алып алгам. Мага, кызыма мээримин төгүп 2-3 ай жакшы жашадык. Андан кийин эле ар кимден кызганып уруш чыгара баштады. Ушул курагымда турмушка чыкканымды баары уккан. Колу да тийген учурлар болду. Жашың өтүп тийгенге басып кете албайсың же бирөөгө барып арыздана албай жаман болот экенсиң. Балдарыма кантип айтам? Дагы бир аз убакыт көнгүчө жашап көрөйүн деп ойлоп жатам. Бирок андан коркуу сезими пайда боло баштады. Кеч боло электе кетип калсамбы же баары жакшы болуп кетеби? Айлам кетип психологго кат жазып көрүүнү туура көрдүм.
Психолог Саадат Сыдыкова:
—  Мында ажырашкан эркекке жолуккан үч балалуу жесир аялдын кадимки эле турмуштук окуясы жазылган. Бирге жашоого макул болордон мурда ал кишинин ажырашуу себебин билиши керек эле.
Сиз психологго барышыңыз керек. Бул маселе оңой эле чечилип калбайт.
Көрдүңүзбү, азыркы жолдошуңуз аз убакыт гана жакшы күйөө, мыкты атанын ролун ойной алган. Сиздер да аз эле сүйлөшүп баш кошупсуздар. Анан ал ашып кетсе эки-үч ай сыр бербей жүрүп, кийин чыныгы жүзүн көрсөтө баштаган экен. Мүмкүн мурдагы аялына да ушундай мамиле жасагандыктан эки башка жолго түшүшкөндүр. Же өткөн турмушунан алган жарааты бардыр же бул табиятынан ушундай адамдыр...
Бала менен апасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Балдарымдын оорусуна чыдабай күйөөм таштап кетти. Күйүттүү эненин каты
Аял киши мындай кырдаалда эмне кылуусу керек? Ажырашуунун эч кандай уяты жок. Болгону сизге бул адам керекпи же жокпу, ошону жакшылап ойлонуп чечип алышыңыз керек. Эгер ал сизге керек болсо, эмне үчүн керек же жашооңуздагы кайсы жетишпестикти толуктап жаткандыгын талдап алганыңыз маанилүү. Балким “эл эмне дейт” деп коркуп жаткандырсыз, анда ар кимден тартынып, коркуп чыдап күн кечирүү менен бактылуу болуп кете аласызбы? Баарын жакшылап ойлонуп көрүңүз. Турмушка чыгардан мурда ал кишинин ажырашкан себебин, эмнеге көпкө чейин үйлөнбөй жүргөндүгүн сурамжылоо керек эле. Мүмкүн андан кийин да башка аялдар менен мамилеси болгондур. Сиз болгону кооз жомокко ишенип алгансыз. Тилекке каршы, жомокто жашоого мүмкүн эмес. Адамдар өзү аракет кылмайынча эч качан өзгөрбөйт. Менин кеңешим, эмнеге мындай зулумга чыдап, анын кылыктарын көтөрүп жүргөнүңүздү түшүнүү үчүн алгач ичиңизде болуп жаткан процессти изилдеп чыгыңыз. Башкача айтканда, ар бир адам өзүнүн ички дүйнөсүн анализдеп, терапия жүргүзүүсү зарыл. Анан сөзсүз түрдө жыйынтык чыгарып, зулум күйөөдөн эмнеге кете албай, кандай максатта жашап жаткандыгыңыз тууралуу тактап алганыңыз оң.
Жаңылыктар түрмөгү
0