12:59 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Коом
Кыскача шилтеме алуу
45430

Колунан иш келген, билимдүү, жаңыча ой жүгүртө алган жаштар өлкөдөн чыгып кетүүгө ашыгып жаткан ушул заманда мекенден кетпей, ишкердиктин жаңыча жолдорун тапкан кыздарыбыз да бар.

Бүгүнкү маектешибиз 30 жаштагы Аида Шалтакова алгач ирет Бишкекте ачылган барабан мектебинин негиздөөчүсү. Ал буга чейин да бизнестин бир нече түрүн баштап, ийгилик жараткан. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар тараптуу, өжөр, кандай иш болбосун билек түрө киришип майын чыгарган Аида Шалтакова менен тагдыры, ишкердиктеги басып өткөн жолу тууралуу маек даярдаган.

— Атаңыз да бизнес чөйрөсүндө алектенген экен...

— Атам негизи механик болуп Ленинградда иштечү. Кийин Кыргызстанга келип, чарба буюмдарын жана велосипед сатуу менен алектенип жүрүп чоң бизнеске өтүп кетти. Мен болсо мектепте окуп жүргөндө эле атама жардамдашып жүрүп көнүп калгам. Кийин медицина жаатында окугум келерин айтсам, үйдөгүлөр да колдошту. Ошентип медициналык академияга тапшырып, педиатрия факультетинде алты жыл окудум. 2-курстан баштап эле тырмак чебери катары иштеп баштагам. Апам да мени таланттуусуң деп ар кандай курстарга жибере берчү. Университетти бүткүчө окуу менен бирге алты жыл иштедим. Ал ортодо мейман тосуу менеджери катары да эмгектенип, конок тосконду, эл менен сүйлөшкөндү үйрөндүм. Кийин 6-курста уулум төрөлүп, окуумду бир аз токтотууга туура келди. Андан тааныш кызымдын чакыруусу менен фармацевтикалык компанияда 4-5 жылдай иштедим. Ошол жактан жетекчи кандай болушу керектигин, команда менен иштөөнү өздөштүрүп, ар кандай тренингдерди да өтүп жүрдүк. Маянабыз жакшы, убагында алчубуз. Жетекчилик да ойдогудай эле. Ошентсе да кайсы бир себептер менен ал жумушту таштаганга туура келген. Андан кийин маркетолог болсомбу деп да ойлогом. Анткени интернет менен байланыштуу көп мүмкүнчүлүктөр бар эле. 

Основательница первой барабанной школы в Бишкеке, 30-летняя Аида Шалтакова
© Фото / Аида Шалтакова
30 жаштагы Аида Шалтакова алгач ирет Бишкекте барабан мектебин ачкан. Ал буга чейин да бизнестин бир нече түрүн баштап, ийгилик жараткан

— Бизнеске кантип келип калдыңыз?

— Экинчи кызым төрөлгөндөн кийин Кытайдан кыздарга тийиштүү аксессуарларды алып келип, аны интернет аркылуу сата баштадым. Мындайча айтканда, интернет дүкөн ачтым. Негизи эле өнүгүп-өсүп туруу үчүн дайыма тренингдерге барып турам. Керектүүлөрүнө ашыкча каражатым жок болсо дагы акыркы акчам менен барчумун. Бир жолу Бишкекке Брайн Трейси келип, аябай баргым келгени менен акчам жок. Анан үйдө болгон алтындарымдын баарын чогултуп, күрөөгө коюп, 200 долларга билет алгам. Акыркы акчам болсо да берип, окуган учурларым көп болду. Анткени ал акча мага кайра он эселеп кайтып келерин билчүмүн.

— Интернет дүкөн иштеткен ишкерлердин көбүндө рынокту анализдебей туруп эле туура эмес товар сатып алып, банкрот болгон учурлар болот экен. Сизде деле болсо керек?

— Ооба, башында бир аз топтогон акчама аябай кымбат бут кийим, сумкаларга буюртма берип койдум. Булар биз жакта өтөбү же өтпөй калабы деп ойлонбоптурмун. Ал товарлар азыр деле үйдө турат. Кандай товар өтүмдүү болорун иштеп баштаганда түшүндүм. Алып келген буюм кичинекей, көзгө жагымдуу болушу керек экен. Баарынан балдар буюмдары жакшы өтөт. Анткени энелер кыздарынан эч нерсе аябайт. Кытайда бул жакта жок аксессуарлар көп. Алар көзгө көрүнүктүү болсо эле ата-эне баасына карабай балдарына ала беришет. Ошентип бат эле товар тандоо жана сатууну жолго койдум. Адегенде бул бизнеске 23 миң сом эле кошком. Товарды үч күндө эле сатып салып аябай таң калдым. Айлыкка иштегенде мындан бир аз көбүрөөк алганым менен аны бир айда тапчумун да. Мында болсо үч күндө эле 23 миң сом таап, жарым жылдан кийин товар айлантууну 300 миң сомго жеткирдим. Ассортимент да көбөйдү. Аксессуарларымды Алматыга да алып барып, Стамбулга чейин анализ жүргүздүм. Мындай ишкердик Стамбулда да жок экен. Бирок бул бизнесте чечкиндүү болуп, көпчүлүк учурда тобокелге баруу абзел. Артымды карасам эки балам турат, башка таянган туруктуу жумушум жок. Ошол себептен да айла жоктон тобокелге барууга туура келчү. 

 Основательница первой барабанной школы в Бишкеке, 30-летняя Аида Шалтакова
© Фото / kipish.kg / Екатерина Рохман
Аида Шалтакова: балдарды 7-8 жаштан баштап алабыз. Анткени бою кичине болуп калса барабанга буту жетпей калышы мүмкүн. Ал эми чоңдорго чек жок

— Сизди интернет булактарында медицинаны таштап, барабан мектебин ачкан айым деп жазышат экен. Бул кандайча болду эле?

— Мен медицинада алты жыл окудум, андан кийин бир жыл интернатурада окумакмын. Ал кезде уулум 7-8 айлык эле. Ошондо атам да каза болуп калып, апама жардам беришим керек болду. Ушул себептүү окууну коё турууну чечип, ошону менен лицензия албай калгам. Негизи азыр врач болуп иштегенге укугум жок. Бирок медицинанын башка тармактарында иштей берсем болот.

— Ата-энеңиз сизди кичинесинен ар кайсы тармакта сынап, өнүктүрүүгө аракет жасаптыр. Музыкалык билим алган да учурларыңыз болуптур. Ошол нерсе азыркы мектеп ачууңузга да түрткү болдубу?

— Кичине кезимде атам фортепиано сатып берген. Анда Маевка айылында жашачубуз. Музыкалык мектепке чейин 40 мүнөттүк жол. Кичинелик кылдымбы, билбейм, бирок музыкага такыр кызыгуум жок болчу. Эки жыл окугандан кийин аны таштап салдым. Атам окушумду аябай каалаган, бирок жайыма койду. Апам азыркыга чейин деле мага тоскоол болуп, эч бир чечимиме каршы чыкпайт. Ошондуктан бардык тармакты көрүп чыктым. Студенттик кезимде да үйдө беш бала болгондон кийин аларга оордук болбосун деп иштедим. Негизи адам жашы өйдөлөгөндө "менде баары эле бар, мага дагы эмне керек" деп ойлонуп, жаңыча нерселерди издеп баштайт. Азыр ар бир адам ден соолугуна көңүл буруп, ал жагынан өзүн камсыздай алганы менен көбү жан дүйнө жыргалы, эс алуу үчүн музыкалык аспапта ойноону, сүрөт тартууну да каалашат. Бир жолу бизнес-тренингде отуруп башка мамлекеттерде каалоочулар үчүн жаш курагына карабай жеке музыкалык мектептер бар экенин көрүп калып, "эмнеге бизде жок" деп өзүмө суроо салдым. Бишкекте музыкалык билими жок, жөнөкөй эле жарандарга арналган бир да музыкалык мектеп жок. Анан Алматыга барып ал жактын мектептерин көрүп келдим. Москвадан да бул тармакта атайын окуп келдим. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Аида (@aida.shaltakova)

— Негизи мындай мектепти ачканда музыкалык аспаптарды алып келүү, каражат табуу жагы да кыйын болсо керек. Каалоо менен эле чектелип калбайт да. Кандай тоскоолдуктар болду?

— Мектепти мен 14 миң сом менен эле ачкам. Муну айтсам, эч ким ишенбейт. Негизи Москвага окуп, андан кийин бир миллион 800 миң рубль франшиза алам деп баргам. Алар менин ишкер эместигимди жана башка өлкөнүн жараны экендигиме карап, франшиза берүүдөн баш тартып коюшту. Ошондо үйдөгү эки балама "эмне деп айтам, апаңардын колунан эч нерсе келбейт экен деп барамбы" деп абдан кыжалат болдум. Тоскоолдуктар көп эле учурады.

Бизнес ачууда биринчи максатым акча табуу болчу. Себеби эки баламды бутуна тургузушум керек эле. Анан Кыргызстанга келип, баары бир ачам деген тейде мугалим издеп баштадым. Москвада такыр башкача система, программа менен окутушат. Бизде андай жок. Мен ошол программанын негизинде алгачкы акысыз сабактын форматын үч-төрт А4 баракка жазып даярдадым. Буга мурда фармацевтикалык компанияларда иштеп, эл алдына чыкканым көп жардам берди. Ошентип жарыя бергенден эки-үч күн өтпөй каалоочулар толуп калды. Бир күндө 125 киши жазылган. Анан бир күн кечке алты саат бою акысыз сабак өтүп, натыйжада 28 киши акчасын төлөп, сабакка келерин айтты.

— Эми музыкалык аспап алуу жана ижарага имарат табуу калды...

— Ооба. Негизи бизде барабандан сабак берген жаш мугалим, керек болсо вакансия да жок экен. Экинчиден. барабан алуу да кыйынчылыкты жаратты. Шаарда музыкалык аспап саткан дүкөндөн төртөө бар. Менде каражат жок болгондуктан камсыздоо жагы көбүрөөк түйшүккө салды. Музыкалык аспап саткандардын көбү сунушумдан баш тартты, акыры Эрик деген байке бир айга карызга аспап берүүгө макулдугун берген.

14 миң сомума окутууга керектүү майда-бараттарды да алгам. Чөнтөктө башка бир тыйыным жок. Бирок артка кайтууга да болбойт эле. Барабан мектебинин шартына ылайык, терезеси жок, башкаларга тоскоол болбогондой имарат издедим. Анан ижара акысы 900 долларлык жай таап, сүйлөшүп аны 700 долларга түшүрдүм. Ал убакта 700 доллар 49 миң сом болчу. Ошентип эч акчам жок эле карызга 65 миң сомго барабан, 49 миң сомго имарат алып баарын айдын аягында бермей болдум. Жүрөгүм тоо экен (күлүп). Мугалимдерди да таптым. Ошентип алгачкы айдын аягын 54 киши менен жаптык. Түшкөн акчаны дароо эле ижара акысы менен барабанга бердим. Акчасын алып барсам, барабан сатуучу байке аябай таң калган. Көрсө, ал киши мага ишенбептир. "Акчаны алып келбесе издөөгө берсемби же мейличи, жардамым болсун" деп өзүн сооротуп отурган экен. Ошондон кийин экөөбүз келишип, бизди дайыма барабан менен камсыздап турмай болду. Андан кийин 2,5 ай жакшы иштеп, карантинге кеттик. Кийин ишибиз аябай жакшы жүрдү. Башында бир эле барабаным болсо, азыр сегиз. Төрт мугалимибиз бар. Баары тең консерваторияны бүткөн, классикалык музыка жактан да билими бар педагогдор. 

Основательница первой барабанной школы в Бишкеке, 30-летняя Аида Шалтакова
© Фото / kipish.kg / Екатерина Рохман
Аида Шалтакова: кичине кезимде атам фортепиано сатып берген. Музыкалык мектепке чейин 40 мүнөттүк жол. Кичинелик кылдымбы, билбейм, бирок музыкага такыр кызыгуум жок болчу. Эки жыл окугандан кийин аны таштап салдым

— Окутуу ыкмасына токтолсоңуз, Москва, Алматы шаарларын көрүп келген экенсиз. Окутуу методикасы айырмаланса керек...

— Ар бир мектептин өзүнүн ыкмасы бар. Эң башкысы сабактар жөнөкөй болушу керек. Бизге 63 жаштагы байке да келет. Негизинен жашы өтүп калгандар аябай коркок болушат, анан ары жак, бери жагын ойлой беришет. Биз аларга "балдарды буттан тургуздуңар, неберелер бар, эми өзүңөрдү да ойлогула" деп айтабыз. Көптөрү музыкалык аспапта ойноону кыялдангандыгын айтышат. Негизи окуучу алгач оңой жана өзүнө жаккан ырларды ойношу керек. Үчүнчүдөн, жеткиликтүү болушу үчүн ноталарды аябай эле жөнөкөйлөткөнбүз. Мисалы, музыкалык билими жок адам нотаны дароо эле түшүнө албайт, убакыт керек. Аларга нотаны жөнөкөй схемалар менен көрсөтөбүз. Ошол схеманы карап, бат эле ойноп кетишет. Бир сабакта сегиз ритмди үйрөнсө, сегиз сабактын ичинде алты ырды жакшы ойноп, бир кыйыныраак ырды аткарууга жетишишет. Ошону менен бир айдын ичинде толук ойноп, үч айдын ичинде өзүнө жаккан ыр менен концертке чыга алат.

— Жаш өзгөчөлүк боюнча чектөө барбы?

— Балдарды 7-8 жаштан баштап алабыз. Анткени бою кичине болуп калса барабанга буту жетпей калышы мүмкүн. Ал эми чоңдорго чек жок.

Жаш балдарга программабыз жеңилдетилген, бирок алар тез үйрөнүшөт. Чоң кишилер бир айда үйрөнгөндү балдар төрт-баш саатта эле билип алат. Биз индивидуалдуу сабак өтүүгө аракет жасайбыз. Чоңдор мындан рахат алып, жумуштан алаксуу үчүн өзүнчө бир хобби кылып алышат. Анын үстүнө жашы өтүп калгандар бала кыял келип, кичинекей эле бир нерсеси жакшы болуп кетсе ошого сүйүнүп жыргап калышат экен. 

Основательница первой барабанной школы в Бишкеке, 30-летняя Аида Шалтакова
© Фото / kipish.kg / Екатерина Рохман
Аида Шалтакова: Бишкектеги музыканттар барабанчылар мектеби ачылып, жетекчиси медик экенин угуп аябай таң калышыптыр. Мага "бул сенин чөйрөң эмес, муну түшүнбөйсүң" деп көп сөздөр айтылган

— Бизде бул мектеп биринчи ирет ачылып жатат. Окуу баасын кандай койдуңуздар?

— Мугалимдин акысы, мектептин ижарасы, интернет булактарына жарнама жасаганга жана маркетологдорго да акча бөлөбүз. 13 жашка чейинки кичинекей балдарга айына 4 300 сом, ал эми чоңдорго 4 900 жана 3 900 сом. Ошондой эле мугалимдин айлыгы саналат. Аларга классификациясына жараша маяна берилет. Мугалим профессионал болсо көбүрөөк төлөнөт. Эгер жаш, тажрыйбасы аз мугалимди алып ага өзүбүз үйрөтсөк, азыраак маяна берилет. Мындан тышкары, азыр гитара жана фортепиано үйрөтүү бөлүмдөрүн ачууну максат кылып жатабыз. Бишкектеги музыканттар барабанчылар мектеби ачылып, жетекчиси медик экенин угуп аябай таң калышыптыр. Мага "бул сенин чөйрөң эмес, муну түшүнбөйсүң" деп көп сөздөр айтылган. Азыр деле айтылууда. Атам айткандай, шыгың, каалооң күчтүү болсо бир жерде тура бербей, ар кай тармактан өзүңдү сынап көрүү керек.

Тема боюнча

Дизайнер Миррахим Опош: мен өңдөнгөн жаштарды жапайы санашчу
Германияда илимдин доктору болгон Аксана: патриархалдык коомду аялдар кармап турат
Белгилер:
барабан, мектеп, Бишкек, музыка, бала, мугалим, бизнес

ЭҢ МААНИЛҮҮ