Чоң-Алайдагы 5 айылдын эвакуацияланган эли кайра үйлөрүнө жеткириле баштады

© Фото / SputnikВещи беженцев. Архивное фото
Вещи беженцев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
4-июнда беш айылдын тургундары кооптуулуктан улам өмүрүнө тобокел келтирилбей турган аймакка, райборборго көчүрүлгөн.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эвакуацияланган Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундары кайрадан үйлөрүнө жеткириле баштады. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы билдирди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев элдин кайра артка, үй-жайына кайтаруу боюнча буйрук бере тургандыгын айтты.
"Ятимов (Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов – ред.) менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Кечээ күнкү жолугушуу майнапсыз болгон. Ошонун негизинде биз элди көчүрүүгө мажбур болгонбуз. Бирок бүгүн, 5-июнь күнү, кайрадан жолугушуп, протокол кабыл алдык. Анын жыйынтыгын эки сааттан кийин коомчулукка жарыялайбыз. Ал жерде 7-8 пунктудан турган келишим бар”, — деген Ташиев журналисттерге маалымат берип жатып.   
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалдан улам кечээ, 4-июнь күнү, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы ӨКМ менен биргеликте жергиликтүү тургундарды коопсуз аймакка көчүргөн эле.
Айыл тургундары Дароот-Коргон айылындагы А.Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, борбордук мечиттин имаратына, мындан сырткары, коопсуз айылдардагы жакындарынын үйлөрүнө эвакуацияланган.
Ситуация на границе между Кыргызстаном и Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Тынчсызданбагыла, чек ара күнү-түнү көзөмөлдө. Коопсуздук кеңештин катчылыгы үн катты
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.
Кечээ, 4-июнда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталган.
Чек ара кызматы түн тынч өткөнүн кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0