Бишкекте айрым маршруткалар жол кирени 15 сомго көтөрүп, каттамга чыкты

© Sputnik / Эмиль СадыровСитуация с общественным транспортом в Бишкеке
Ситуация с общественным транспортом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Мэрия шаардыктарга кайрылып, эгер ушул сыяктуу фактыларга күбө болсоңор сүрөт, видеого тартып жөнөтүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алды. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазышууда.
Журналист Семетей Аманбеков капталдагы терезесине "жол кире 15 сом" деп жазып алган №199 маршрутканын сүрөтүн жүктөп, айдоочулар өз алдынча тарифти көтөрүп алганына таң калган.
Ал шаардык бийликтин мындайга жол берип, көзөмөлдөн чыгарып жибергенине нааразычылыгын билдирди.
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Маршрутка көйгөйү: эки фирмага айып салынып, 34үнө эскертүү берилди
Ал эми мэриянын маалымат кызматы жол кирени 15 сомго көтөрүп алган факты катталганын ырастады. Ошондой эле аларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди. Аны менен катар шаардыктарга кайрылып, эгер ушул сыяктуу фактыларга күбө болсо сүрөт, видеого тартып 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтүүнү өтүнөт.
Белгилей кетсек, борбор калаада маршруттук таксилер жол кирени көтөрүү талабын коюп 2-июндан бери жумушка чыкпай жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0