Дарыгер: майы жок азык менен арыктоо тукумсуздукка алып келиши мүмкүн

© Фото / Pexels / Kampus ProductionТамактанып жаткан аял. Архив
Тамактанып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Организмде май жок болсо, ал ден соолукка эле эмес, сырткы келбетке да таасирин тийгизет. Тери кургак болуп, бырыш тез түшөт.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Майы жок азыктардын жардамы менен арыктоо өнөкөт бронхит дартына, ал тургай тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу диетолог Светлана Фустун айтымына таянып РИА Новости жазды.
Адис белгилегендей, эгер организмге май башка тамак аркылуу жетиштүү көлөмдө кирсе, анда майы жок азыктарды колдонсо болот.
"Организмде май жок болсо, ал ден соолукка эле эмес, сырткы келбетке да таасирин тийгизет. Тери кургак болуп, бырыш тез түшөт. Адамдын иммунитети түшүп, бардык органдар тез картая баштайт. Натыйжада жүрөктө көйгөй жаралып, эс тутум начарлайт", — деди диетолог.
Мындан сырткары, май энергиянын булагы экени айтылды. Май иммунитетти бекемдеп, көрүүнү жакшыртып, терини сулуу кылган A, E, K жана D витаминдерин сиңирүүгө көмөктөшөт.
Врач-гинеколог Айсулуу Абдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2020
Төрөттөн коркуп арак ичип алган келинди сактай албай калдык. Гинекологдун маеги
Адис май гормон, анын ичинде жыныстык делген эстроген, тестостерон гормондорун бөлүп чыгарууга жакшы жардамчы болорун белгиледи. Светлана Фус тамактануу рационунда май таптакыр жок болбошу керектин айтып, бул тукумсуздукка чейин жеткириши ыктымал экенин эскертти.
"Майдан таптакыр баш тартып койгон аялдар кош бойлуу боло албаган бир нече учур катталган. Гормондор жетиштүү болбосо кантип бойго бүтмөк эле", — деген адис.
Диетолог бул маселе эркектерге да тиешелүү экенин айтып, курамында майы бар тамактарды рациондон таптакыр чийип салуу кооптуу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0