Адис: туура эмес арыктаган аялдын этек кири токтоп калышы мүмкүн

© Фото / Pixabay/ happyveganfitКөнүгүү жасап жаткан аял. Архив
Көнүгүү жасап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
Диетологдун пикиринде, кыз-келиндер арыктоо учурунда майдан таптакыр баш тартып койгону туура эмес. Анын ордуна таттууну, ак күрүчтү жана нанды убактылуу токтото турган жакшы.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Диетолог, медицина илимдеринин доктору Алексей Ковальков аялдар арыктоо учурунда кетирген негизги катаны атап, ал ден соолукка кандай залакасын тийгизерин түшүндүрдү.
Дарыгердин пикирине таянып Sputnik радиосу кабарлаганына караганда, кыз-келиндер арыктоо учурунда майдан таптакыр баш тартып койгону туура эмес.
"Организмдеги май аялдардын этек киринин циклин жөнгө салып турат. Көпчүлүк аялдар диета кармап, май жебей койгон учурда этек кири кечигип же таптакыр эле токтоп калат. Демек, организмдин бир жерине доо кетет. Аны калыбына келтирүү үчүн гормоналдык препараттарды ичүүгө туура келет", — деди диетолог.
Анын ордуна адис таттуудан, ак күрүчтөн жана нандан убактылуу баш тартуу туура экенин айтат.
Мындан тышкары, Ковальков диета учурундагы салмактын 10 пайызынан азыраагынан арылгысы келгендер үчүн гана пайдалуу экенин айтат. Ал эми бир топ толуп жана мындай салмак менен көп убакыт бою жүргөндөргө дарыгердин көзөмөлүндө, арыктоонун башка ыкмаларын дагы колдонууну сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0