Маршруткалар мындан ары чыкпасын! Ызаланган бишкектиктердин соцтармактагы пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте маршрутка айдоочусу. Архив
Бишкекте маршрутка айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Бүгүн бишкектиктердин маршруткасыз жашап жатканына үч күн болду. Шаардыктардын кыйналып жатканы айтпаса деле түшүнүктүү, анткен менен социалдык тармактарда маршрутка жок деле жашоо жакшы экенин айткандар көбөйдү.
Бишкек мэриясы бүгүн эртең менен дагы эл ташыган маршруткалардын айдоочулары ишке чыкпаганын кабарлады.
Алар үч күндөн бери иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго чыгарып берүүнү талап кылып жатат. Ал эми мэрия бул боюнча токтом долбоорун шаардык кеңештин кароосуна жибергенин айтса, шаардык кеңеш документ мыйзам боюнча бир ай коомдук талкууда турушу керектигин билдирди.
Ал ортодо социалдык тармактарда "маршруткасыз шаар жакшы экен" деген таризде пикирлер айтылып, интернет колдонуучулардын айрымдары бул пикирди колдой баштады.
Бир нечесин окурмандарга сунуштайбыз.
Маршруткалар ушул бойдон ишке чыкпай, троллейбустар көбөйсө экен деп тилегендер бар.
Азамат Асанбеков аттуу колдонуучу маршруткасыз Бишкек таза көрүнүп калганын айтат.
Шаардын ыңгайлуу болуп калганын дагы айткандар жок эмес.
Айрымдар аялдамалардагы жүргүнчүлөрдү ала кетип жатканын, мындан улам транспорт күткөн адамдар дээрлик жок экенин жазууда.
Маршруткалар токтотулуп, автобустардын иштешин каалагандар аз эмес.
Ал ортодо айдоочулардын өзүнө бир нече талаптарды коюуну сунуштагандар чыкты. Акылбек Балтабаев аттуу колдонуучу маршруткалардын техникалык абалын жакшыртып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү талап кылууда. Аны кубаттагандар "айдоочулар рулда баратып, бири-бирине чалып жол инспекторлору тууралуу кабарлаганды токтотсун. Жүргүнчү толо автобус менен бензин куйган станцияга кирбесин" деген сунуштарын айтууда.
Интернет колдонуучулардын ичинде маршрутка айдоочуларына кабатырлангандар да бар.
"Өзүңөрдү ойлобойсуңарбы, ишке чыкпай жүрө берсеңер эртең кредитиңерди кантип төлөйсүңөр?..", — деди Жакын Кадыров аттуу жаран.
Айрымдар "маршруткаларды алып салууга ыңгайлуу учур келди" деп эсептейт.
Нурдин Абжалбеков аттуу колдонуучу "Маршрутка айдоочулары, силерге бош жана тыгынсыз көчө үчүн рахмат! Жумушка чыкпагылачы, сураныч!" деген пост жазды.
Жаңылыктар түрмөгү
0