УКМК Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында азыркы абал кандай экенин айтты

© Sputnik / Эламан КарымшаковКыргыз-тажик чек арасынан алыс эмес жердеги чек ара кызматкерлери. Архив
Кыргыз-тажик чек арасынан алыс эмес жердеги чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасында УКМКнын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы кабарланган.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында саат 14:00гө карата абал салыштырмалуу тынч. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
"Тиешелүү кызматтагы жетекчилер учурда аталган тилкеде кырдаалды жөндөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-тажик чек арасында Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы кабарланды.
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган үй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Россия Баткендеги кыйраган объектилерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган. УКМКнын Чек ара кызматы абал чыңалып турганын айтууда. 4-июнда эртең менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Чоң-Алай районуна учуп кеткен.
Өкмөт муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0